www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздарды тим койсо, ааламга дүңгүрөп кетишет

Чыңгыз Айтматов деген дүйнөнү дүңгүрөтүп турган алп жазуучубуз болгон. Компартия убагында ааламга аты чыккан бул залкар генийибизге улуу орус эли ичи тардык кылып турчу. Жазуучу Мар Байжиев баса белгилеп кеткендей, Айтматовдон кийин кыргыз жазуучуларына эч нерсени жазууга мүмкүнчүлүк болбой калган. Кыргызстан эгемендүүлүктү алып Орусия өз алдынча мамлекет түзгөн соң, Айтматовду орустар кодулай баштаган.

Кыргыздарды тим койсо, ааламга дүңгүрөтүп кетишет, ошондуктан Айтматовду ооздуктап жатышып, Кыргызстанда эгемендүүлүк кезинде талпынып чыккан Чолпонбек Абыкеев сыяктуу жазуучуларга маани бербей калышкан. Болбосо, алардын деле ааламды аралап кете турган чыгармалары бар.

Айта кетсек, анын “Бриллиант жылаандары” сюжети таанымал болсо да, көркөм-чыгармачылык жагынан жазылышы, психологиялык–эстетикалык жактан окурмандарды тартып алышы жогорку орундарда турган. Кокус, Орусия Айтматовдой аздектегенде Чолпонбек Абыкеев дүйнөдө чолпон болуп жанып турмак. Азыркы мезгилдеги бардык жазуучулардай эле Чолпонбек Абыкеев деле саясий майданга кээде мойнун созуп коёт. Ал деле элди алтын менен багайын деген ойдо Манастын жаткан күмбөзүн казгандан кайра тартпайт. Анын “Аалам” гезитинин шинелинен чыгышкан Рыскелди Момбеков, Элнура Кулуева, Капар Токтошев, Кенжебек Арыкбаев сыяктуу чыгармачыл “күлүктөрү” кээ бир учурда саясат майданында ким экенин билдирип коюшат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости