www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагдырдын тамашасынан уламбы, улуу тарыхий доордун күбөсү болдум. Ошондуктан, азыркы  күнү мен көрүп, жүрөгүм менен толгонуп, кайгырып,сезимим менен таразалап өткөзүп жаткан ар бир мүнөт келечекте абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Ушунун барын мен күндөлүктүн көмөгү менен урпактарга калтыргым келет. Чынын айтыш керек, мен муну абдан кечигүү менен жасап жатам, бирок “Эч болбосо да, кеч болсун”-дейт.

Менин күндөлүгүмө...Сен эми мындан баштап менин жалгыз, ишенимдүү жана эч кимге сыр ачпаган досум болуп каласың. Кайсы доор, кайсы мезгилге чейин ишенимдүү? Албетте, сен менин колумда турганда менин ишенимдүү досум болорсуң, ал эми башка бирөөнүн колуна тийер менен саткынга айланарсың. Ооба, мунун барын түшүнүп турам, ошого карабай мен сенден эч нерсени жашыргым келбейт. Мен сага саясий ишмердин ой-толгоолорун гана айтпастан, ой-туюмдуу карапайым адамдын да кайгы-капасын бөлүшкүм келет.

Бир гана өкүнүчтүүсү- сен угасың, арийне мени менен ой бѳлʏшѳ албайсыӊ. Мейли, тагдырдын мындай салганына да чыдоого туура келет, мага болсо дайыма жалгыздыкта, канчалык оор жана татаал болсо да,тагдырдын салганына баш ийип, ѳз алдымча чыйыр табууга туура келет.

Кыргыз элин чочколор башкарып турганын билем, аларга сөз айтып түшүндүрө албайсың. Менин досум! Мен сага айткандарымды эч кимге айтууга акыӊ жок. Мен жарык дʏйнѳдѳ жашап турганда муну сенден катуу талап кылам, ал эми мен жарыкчылык менен кош айткан соӊ, кимге кааласаӊ да, каалашыӊча айта бер. Эмесе, менин жан дʏйнѳмдѳн чыккан ачуу чындыкты, ой-толгоолорумду,болгон жана боло турган окуяларды угуп тур.

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 18.08.1928

 

19.08.1928

Багы жок кыргыз элим! Сен ѳз тагдырыӊды ѳзʏнʏн жеке кызыкчылыгы ʏчʏн бийликке келген бактысыздарга кармата бердиӊ…

Аз-маз баштан ѳткѳзгѳндѳр жѳнʏндѳ.

Ташкенттен Москвага чыктым.Темир жол тармактарын кеӊейтʏʏ тууралуу маселе менен бара жатам. Маселенин оӊ чечиле турганына ишеним аз, бирок «жок» же «ооба» деген акыркы чечим кабыл алганга чейин кʏрѳшʏʏнʏ чечтим.

Ушул туура. М.Н узатты. Поюзду кʏтʏп вокзалда туура бир жарым саат кармалып, аны менен сʏйлѳшʏп отурдум. Кѳп маселер боюнча сʏйлѳштʏк, албетте, жеке маселелерге да токтолууга туура келди. Бул адам менин жашоомдогу мен таза махабатымды арнап жана чын ниетим менен достошкон жападан жалгыз адам. Менде андан жашыра турган эч кандай жашыруун сыр жок. Менин бардык ой-максатым, кылган аракеттерим ага белгилʏʏ, анткени мен аны менен дайыма ой бѳлʏшѳм жана ой бѳлʏшѳ бермекчимин…

Багы жок кыргыз элим! Сен ѳз тагдырыӊды ѳзʏнʏн жеке кызыкчылыгы ʏчʏн бийликке келген бактысыз балага кармата бердиӊ, ал болсо ѳз ишин биле бербегендиктен ѳзʏн гана сʏйʏп, ѳзʏнʏн гана жеке турмушун ойлоп - сенден кеткиси келет.

Балдар жана бир тууганым эмне болот? Жашай берет. Токо менин бир тууганым! Сага оор болоор.

Эмне мен акылымдан айнып баратамбы? Кантип эле…бардыгынан тʏбѳлʏккѳ кете берем? Кантип эле, ал мен кʏрѳшʏп келген жана алдыда кʏрѳшѳ турган иштерден кымбат болсун. Жок, жок жана да жок! Менин жашашым керек.  Анткени мен мага абдан кымбат адамга жашап жана революциянын иштери ʏчʏн, жалпы элдин иши ʏчʏн кʏрѳшʏʏгѳ жана да кʏрѳшʏʏгѳ убадамды бергем.

Ооба, ал дагы жакында мага келип, мени менен дайыма бирге жана да Лениндин армиясы менен, менин иштериме жардам берип бардык ааламдагы элдердин ичинен эӊ бактысыз элдин кызыкчылыгы ʏчʏн кʏрѳшʏʏгѳ убадасын берди. Мен эмне болуп атканымды билбейм. Тʏшʏнбѳйм.

Кош бол менин досум. Эртеӊ дагы сени менен баарлашабыз.

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 19.08.1928

Орус тилинен которуп даярдаган:

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости