www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылга карата парламенттин билдирүүсү боюнча  Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык миллион сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жетекчиси Тазабек Икрамов билдирди.

Мурун КМШнын Парламент аралык ассамблеясы тарабынан берилчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголушуна байланыштуу Аскарбек Шадиевге иш козголгон. Ошонун аркасы менен Кыргызстандан качып-бозуп жүргөнү менен, Америкада оюн салып жүрөт.  1992-жылдын мартында түзүлгөн КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын отуруму болуп өттү. Бул жыйынга спикердин милдетин аткаруучу Аида Касмалиева катышып келген. Бүгүн да КМШнын Парламент аралык ассамблеясынан парламенттик шайлоого байкоочулар келишти . 1992-жылы сентябрда Бишкекте биринчи отуруму өтүп, катышуучулар туруктуу штаб-квартира болушун туура табышкан. Ал кездеги Санкт-Петербург шаарынын мэри Анатолий Собчактын сунушу менен Таврия хансарайы КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын штаб-квартирасына айланган. КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын жетекчиси Орусиянын жогорку палатасынын спикери эсептелет. Алар: Руслан Хасбулатов (1991–1993), Владимир Шумейко (1994–1996), Егор Строев (1996–2001), Сергей Миронов (2001–2011), 2011 жылдан Валентина Матвиенко.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык уюштурушкан. 2017-жылдын 25-август күнү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ал жылы берилбесин билип туруп, Шадиев парламенттин спикерине сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгы менен аталган сумма Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аркылуу бөлүнгөн. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Жыйынтыгында Шадиев мамлекеттик казынага 2 млн. 61 миң сом зыян келтирген.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы билинген соң ал кездеги биринчи вице-премьер министр болуп Шадиевдин иштеп турушу туура эмес болгон. Ошондуктан, анын иши тыкыр текшерүүгө алынып,  биринчи вице-премьер министр кызматынан айдалган. Ал Жогорку Кеңеште жоголгон акча боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кеткен.

Адилетсиздик менен казынага кол салып 30 миң дооларды эч ким билбейт деп өзүнө ыйгарып алган арты шакмар болуп булганган Шадиев дагы уурдалгандарым билинип калбасын деп Кыргызстандан качып чыккан. Аны Интерпол менен кармап келсе деле болмок. 30 миң доллар үчүн ушундай  деңгээлге түшүп, Айтматовдун сыйлыгын ыйгарып КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын алдына уят болгон.  Кээ бирөөнүн оюнча билбей кол коюп алган дешет. Кантип эле 30 миң долларга билбей кол коюп алсын? Ага жооп берүүнүн ордуна дардактап качып жүрөт.  Ар бир документке кол коердо жакшылап карап чыгыш керек да.

Бул факт ачыкка чыгып, кызуу талкууланып жаткан учурда Шадиев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аны “бюджетте акча жок калат, сыйлыктын акчасын эрте бөлүү керек” деп шаштырганын айтып, кол койгону үчүн өкүнөрүн билдирген. Бул жоопкерчиликке тартылчу кылмыш экени талашсыз. Албетте, саясий мотив дагы бар. Анткени Атамбаев кетип ага жакын адамдардын таянган тиреги жок калды. 30 миң доллар үчүн кылмыш иши Сооронбай Жээнбековдун учурунда ачылган. Мына ушундан улам жаңы бийлик кылмыш ишин козгоп жатат.

2018-жылы февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан. Бул ишке байланыштуу Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, ал УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин ушул эле беренелер боюнча Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, эч жакка чыкпоо талабы коюлган.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козгоп анын качып кеткенине байланыштуу иш аягына чыга элек.

Аскар Шадиев Баткен облусунда губернатор болуп турганда 104 гектар жерди 25 жыл убакка Тажикстан пайдаланат деген чечим менен биротоло тажиктерге берип салганы тууралуу кылмыш иши ачыла элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости