www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан мусулмандар басымдуулук кылган ислам дүйнөсүнө кире турган мамлекет. 90-жылдары турмуш-шарттын начарлашынан улам баптист, иегова жана башка секталарга кирип кеткен жердештер болгон. Ошондуктан жалган дүйнөдөн кайтып, чын дүйнөгө аттангандар арасында секталарга кирип кеткендер көз жумган соң жалпы мусулмандардын көрүстөнүнө койдурбоо тууралуу маселелер чыккан. Деги бул дүйнөдөн сапар тарткан учурда көрдүн баасы канча? Санитардык аймак болгондуктан Түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдын январынан баштап жабылган. Бирок бул көрүстөндү текшергенде ушул убакка чейин сөөк коюлуп келатат. Президент Жапаров Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды кыдырып жүргөн чакта көрүстөндөр маселеси да көтөрүлдү. Сокулук районундагы эң бай айыл өкмөтү бюджети 120 миллион сом менен Новопавловка, башкысы бюджетти өлгөндөрдүн эсебинен же көргө акча төлөгөндөрдүн эсебинен толтурат. Жаңы конуштар Субатай, Ак-Ордо жана башка Бишкектин айланасында көрдүн баасы 20 миң сомго чыккан. Атка минерлердин айтымында эгер ошол айыл өкмөтүнө катталган болсо көрдүн баасы 500 сом, ал эми сырттан келгендер үчүн көрдү 20 миң сомдон сатышат. Бул айыл, конуштар Бишкекке жакын болгондуктан, шаарда каза болгондорду ушул көрүстөндөргө алып келишет. Эгер көрдүн баасын арзандатса, бул жерлерге шаардан маркум болгондорду алып келип отуруп, көрүстөн тез эле өсүп кетпейби дешет. Негизи көр маселеси Бишкек шаары үчүн чечилбеген чоң көйгөй.
Табышмактуу тагдырга баш ийип жашаган пенде жашоодо ар кандай сыноолорго туш болот. Турмуш өзүнүн өйдө-ылдыйы, ысык-суугу менен пендени тарбиялап келет. Жашоодо бир нерсеге жетем десең дароо эле башка муктаждыктар чыга баштайт. Нан тапсаң май жок, май тапсаң нан жок болгон бир кем дүйнөдө адам баласы чексиз нерселерди каалап жашайт эмеспи. Ошондуктан пенденин каалоосу жана муктаждыктары таптакыр бүтпөйт. Каалоолорунун артынан жүрүп отуруп адашууга, туура жолун жоготууга ийкемдүү жаратылган пенде, өзү тойсо да көзү тойбой, бул жалган дүйнөдөн кош айтышат.
Адам баласы тиричилик менен күрөшүп жатып кудайга болгон ишеними да өзгөрүп кеткенин байкабай калат. Арийне, мусулман ишениминде эң негизги нерсе, бул — кудайдын жалгыз экендигине ишенүү. Илгертеден элибиз «лаа илааха илла аллах, кудай өзүң бир сакта» деп оозунан түшүрбөй айтып келген. Кыргызча мааниси болсо «Алладан башка кудай жок» дегенди түшүндүрөт. Тагырак айтканда, ишенүүгө сыйынууга жалгыз сен ылайыктуусуң. Сенден башка кудайларды кабыл кылбайм, эч кандай күчкө, абройго, мал-мүлккө жана мансапка сыйынбайм дегендик. Эми мусулман коомуна көз чаптырсак кээ бир адамдар кудайга ишенет, бирок коркпойт. Элден уялат, бирок кудайдан уялбайт. Жаратканга эмес, жаратылгандарга сыйынат. Эл көрсүн, кожо көрсүн үчүн жашап, мактанчаактыгы менен өзүн өзү сүйүнтүп келет.
Инсан чексиз каалоолоруна кабылып жатып кээде кудайдан башка акча, мансап, кадыр-барк жана напсиге кулдук уруп кеткенин сезбей калат. Албетте, акча муктаждыктарыбызты толуктоо үчүн керек, мансап жана кадыр-баркка да адам өз аракети менен жетиши мүмкүн. Бирок менин бул жердеги айтарым, жашоо маңызын байлыкка, мансапка байлагандар үчүн болуп жатат.
Акча үчүн сойкукана ачкандар, акча үчүн элин-жерин саткандар, акча үчүн элин тоноп качкандар, акча үчүн элин алдап жаткандар, акча үчүн баңги затка баткандар коомдо жок эмес. Тез байыш үчүн кээ бир адамдар элди алдоо жолу менен жашап, жашоонун туу чокусуна акчаны максат кылып коюп алган. Кудум акча алардын кудайы сыяктуу болуп калган.
Мансапка жетиш үчүн адам баласы эмнелерди гана кылбайт. Ал үчүн кээ бирөөлөр бардык нерсесин берүүгө даяр турушат. Бийликке келиш үчүн жан талашып аракет кылып, жаратканын ойлобой элди алдап келгендер болушу мүмкүн. Бул мансап деген жалган кудай, илгертен бери бийликти эңсеген адамдарды өзүнө кул сыяктуу кызмат кылдырып келген. Ал мансап деген кудай азыркы учурда да өзүнө ишенген кулдарын ар кандай жумшап, керек болсо ордун сактап калыш үчүн башкаларды кордоого да үндөөсү ыктымал.
Кадыр-барктуу болгон жакшы, бирок эл ичинде таанымал болуш, дайым эл алдында мактанып жүрүш үчүн кадыр-баркты гана көздөгөндөр коомдо арбын. Кадыр- барктуу болуу кээ бир учурларда башкалардан өзүн өйдө койуу, кыйын экендигин билдирип сүйлөп, катардагы адамдарды тоготпоого жол ачат. Кадыр-баркка жетем деп, аны кудайлаштыргандар башкаларды ойлобой калат.
Напси адам баласынын ичиндеги ажырагыз өзөгү. Адам напсисин тарбиялоо менен жакшылыкка жана туура жолго жетет. Тескерисинче, напсини тарбиялабай анын ар кыл каалоолорун аткаруу ага кулдук уруу болуп эсептелет. Куранда да напсинин жаман жакка үндөгөнү жөнүндө баяндалган.
Азыркы учурда өзү тойсо да көзү тойбой, напсинин жаман каалоолорун аткарып, адамдарын укугун тебелеп байыгандар жок эмес. Туура жолду тандап баспай, кыйынчылык көрбөй, тез байууну көздөгөндөр напсинин жаман жоруктарын аткарып, ага кул болуп калгандар жанды кейитет. Өзгөчө напсиге азгырылып ала жипти аттап, төшөк кумарын кандырыш үчүн шуркуяларга баргандар дал ошол напсиге кул болгондордун өзү. Мындайлар жалаң кыз-келинден сүйлөп, атүгүл башкалардын жубайына да көз артып, түнкү кулубдарга, сауналарга төшөк кумарын кандырыш үчүн гана барып калат…
Жогорудагы жалган кудайлар инсанды адамдык сыпаттан айбанга айлантып, өзүнө кул кылып алат. Мусулман коомунда кудайга ишеним менен жалган кудайларды ээрчип кеткендер жок эмес. Негизи Алладан башка кудай жок деген соң, байлык-бийлик келип-кетүүчү нерсе. Атактуулук жана напси мени дайыма азгырат деп билип, Алладан башка жалган кудайларды ээрчүүдөн баш тартыш керек. Адамды адам болгондугу үчүн кадырлап, баалап сыйлоо зарыл. Жараткандын жалгыз экендиги, бизди адамдардын байлыгына, бийлигине, кадыр-баркына карап мамиле кылбоого чакырат.
Андыктан биз жалган кудайлардан арылып, «жараткандын жалгыз экендигине ишенүү» бизден эмнени талап кылат, бул ишенимди азыр кандайча иш жүзүнө ашырабыз деп, акыл калчасак коомдун туура жакка бурулуусуна өбөлгө түзгөн болор белек.
Бары бир барыбыздын бара турган жерибиз бир көр. Бул дүйнөгө жылаңач келгендей эле, тиги дүйнөгө да жылаңач кетебиз!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg