www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Иранды мунасага алып келген 14 пункуттук келишимдин толук варианты бүгүн жарыяланды.

Мунун түп нускасы Араптардын гана колуна тийгенин Түркиянын "Sabah" маалымат агенттиги билдирди. 

Эл аралык басылмалардын айтымында, келишимге БУУнун Коопсуздук Кеңеши чекитин коет. 

АКШ-Иран ортосундагы 14 пункуттан турган  келишим:

1- АКШ менен Иран келишимге кол койгон күндөн  баштап, согушту токтотууга жана бири бирине согуштук аракеттер аркылуу кысым көрсөтүшпөөгө милдеттенишет. Согуш биротоло токтойт жана бул пункут Ливия өлкөсүн да камтыйт. 

2- Иран менен АКШ бирбиринин аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурушпайт жана ички иштерине кийлигишпейт. 

3- Иран менен АКШ 60 күн ичинде толук түрдө тынчтык келишимин түзүп бүтүшөт. 

4- Келишимге кол коюлган күндөн баштап, АКШ 30 күн ичинде Ормуз кысыгындагы транспорттук каттамды мурдагы калыбына келтирет жана аймактагы бардык күч түзүмдөрүн чакыртып алат. 

5- Келишимге кол коюлган күндөн баштап, Иран Ормуздагы техникалык тоскоолдуктарды жоет, миналарды тазалайт жана Басрадан Оман булуңуна чейинки деңиз каттамдарын мурдагы калыбына келтирет.

6- АКШ Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү менен биргеликте Иранга 300 млрд доллар каражат берүүнү убадалайт. Ошондой эле Иранды кайрадан калыбына келтирүү үчүн жол картасын иштеп чыгат. 

7- АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана МАГАТЭнин (Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) чечимин жетекчиликке алып, Иран туш болгон  бардык санкцияларды токтотот. Бул чечим эки тараптуу келишимге кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. 

8- Иран эч качан атомдук курал жарак өндүрбөөгө милдеттенет. 

9- Макулдашылган келишим соңуна чыкканга чейин Иран ядролук курал боюнча жетишилген келишимди бузбайт, АКШ болсо, Иранга кайрадан санкция киргизбейт жана аймактагы өнөктөш өлкөлөрдөгү аскердик базаларына куралдуу күчтөрүн көбөйтпөйт. 

10- АКШ келишимге кол коюлган күндөн баштап жана санкцияларды жойгонго чейин Ирандын нефтисине, петрохимиялык үрүндөрүнө, банкачылык, камсыздандыруу, логистика сыяктуу бардык кызматтарынын экспортуна тоскоолдук жаратпайт. 

11- Эки тараптуу келишим соңуна чыккандан кийин АКШ Ирандын тоңдурулган финансылык каражаттарын бошотот. Бул багытта керектүү болгон лицензияларга жана уруксат кагаздарына жол ачат. 

12- Иран менен АКШ келишимдеги бардык пункуттарын  турмушка ашыруу үчүн көзөмөл кеңешин түзүшөт. 

13- Келишимдеги 4-5-10 жана 11-пункуттар ишке ашкандан кийин тараптар калган пункуттардын иштешин жолго салуу максатын көздөп, кайрадан жолугушат. 

14- Тараптар макулдашкан акыркы келишим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен бекитилет.

Манас Осмон

Последние новости