www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал аңгыча шаардын ичинде дагы бир жерде (шаардын ичин жакшы билбегендиктен кай жер экенин айта албайм), “атыш башталды, бирин-бири союп жатышат” деген кабар келди. Эскилиги жетип араң жүргөн БТР га аскерлер менен бирге олтуруп, А.Келдибеков, К.Ташиев, Ж. Саматов болуп, окуя болуп жаткан жерге жетип бардык. Жетип токтогондо эле БТР өчүп калды. Же эшиктери ачылбайт. Ичинде камалган бойдон калдык. Атылган октор БТР дин сыртына тийип жатты. Сырттан Жыргал Саматов чуркап келип, БТР дын эшигин буту менен тепкилеп жатып, араң ачты. Эптеп эшигин ачып сыртка чыксак, тегеректеги үйлөрдүн баарын өрт каптап, күйүп жатыптыр. Атышуулар катуу эле болуп жаткан экен. Бир маалда эле кыргыз жигиттин бутуна ок тийип, жыгылып түштү. Согуштун башы башка жакка кетип баратканын ошондо сездим. Ал жигитти ошол жердегилер ооруканага алып жөнөштү. Эл селдей болуп, жалын менен кошо чуркап бара жатышкандай туюлду. Колдон келишинче, элди тынчтандырганга аракет кылдык. Эки сааттан кийин ызы-чуу бир паска басылгандай болду. Кайра келип, губернатор Сооронбай Жээнбековдун кабинетинде кеңешип олтурдук. Саат 15:30 дар чамасында, “Жалал-Абадда согуш башталды. «Сампа» заводунун жанында өзбектер ары-бери өткөн машиналарды тосуп алып, аткылап жатышат, он чакты адам каза болду” деген суук кабар келди. Камчыбек Ташиев, Жыргал Саматов үчөөбүз ал жакка шаша жөнөп кеттик. Жолду карай,“ Кыргызстан эмне болот” деп чочулап бара жаттым. Бул жакта дагы элдин башында туруп тынчтыкка, ынтымакка чакырган бир чиновник жок экен. К.Ташиевдин бул жерде эки элдин кагылышуусунун уланып кетпешине салымы чоң болду. Өзү жалгыз барып, өзбек калкы жыш жайгашкан районго кирип сүйлөшүп келип, эки элдин толкундоосун баса алды. Эртеси Акматбек Келдибеков келди. Ошентип, түштүктө үч күн октун, оттун арасында жүрүп, Убактылуу өкмөттүн бир кишисин көрө алган жокпуз. Убактылуу өкмөтпүз деп Ак үйдү ээлеп, бийлик дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркаган саясатчылардын бири да көрүнбөйт. Эл башына күн түшкөндө баары житип-житип, дайны жок жашынып калышыптыр. Эл өзү менен өзү болуп калган экен. Өрттөлгөн үйлөр. Бейкүнөө өлгөн адамдардын өрттөлүп, ар жерде жаткан сөөктөрү. Кан жуткан эл. Боздогон энелер. Ушунун баарын өз көзүбүз менен көрүп туруп, «Эх, шайлоо деген шайтан, эмне гана кылган жоксуң» деген ойго келдик. Анткени, балээнин баары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн К.Батыров менен саясий соодалашуусунан келип чыгып жатпайбы. Менимче, бул күндөрдү тарых өзү таразалайт. Бул кандуу окуяда көбү аппак периште болуп жатышат. Мейли, тарых таразасынан качып кутулушсун, бирок кудайдын таразасынан качып кутула алышпайт. Кийин Ош окуясы боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын отчётун угуп жаткан мезгилде, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов ,“бомба жарам” деп олтуруп эле жарбай калган. Себебин, “Алтынбек Сулайманов бомбага суу куюп жиберди” деп түшүндүргөн эле. Көрсө, ал бомбасы мындайча экен. Ош окуясы башталып кетээри менен Алмазбек Атамбаев ошол мезгилдеги Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановду кабинетине чакырып, «Ушундай учурдан пайдаланып, Азимбек Бекназаровду аттырып салбайлыбы? Бакиевдерге шылтоолоп коёбуз. Эл ишенип кала берет», - дейт. Бектур Асанов болсо, макул болбой коёт. Ошентип, Азикенин да көрөр күнү, ичээр суусу бар экен. “Эл кырылып, энелер кан жутуп, жаштар өлүп жатса, саясаттагы оппонентинен кутула коюштун амалын издеген, кандай адам өзү” деп, жакабызды кармадык. Элдин эсинде болсо керек. Ош окуясы болордон бир ай мурда Азимбек Бекназаров экөө кадр маселеси боюнча катуу урушуп кетишкен эле. Интернет булактарында телефондук сүйлөшүүлөрү турат.
Аттырып салалы дегенине, менимче, ошол тирешүүлөрү себеп болсо керек деп ойлойм. Бирок, ошондой болсо дагы адам баласы мындай кадамга барбаш керек эле.
16-июнь күнү Бишкекке учуп кеттик. Ок тийип, жарадар болгон балдар биз менен самолётто бирге учушту. Кансырап жаткан мекендештерибизди көрүп, заманам тарып бара жатты. Канча бир бийиктикте учуп баратып, өмүр менен күрөшкөн картинаны мен жеткире албайм. Эч кимиси көз жумбай, ооруканага жетип алса деп тилек кылдым. Бишкектин “Манас” аэропортуна келгенде, “үйдө баатыр, жоодо жок“ болуп жүргөн чиновниктерди ошол жерден көрдүк. Жарадар болуп келе жаткан балдарды, тез жардам чакырып салып берип, ооруканага жөнөтүштүн ордуна, ошол эле жерден сурак кылабыз деп башташты. Ок жеп, жаны кейип, араң келе жаткан балдар кантип сурак берет деп ойлошкон да жок окшойт. Урушуп жатып, араң дегенде ооруканага жөнөттүрдүк.
Түз эле Республикалык штабка келип, гуманитардык жардам чогулта баштадык. Ушул жерден кыргыз элинин биримдигине ыраазычылыгыбызды билдирип коюшубуз керек. Заматта КамАЗ, КамАЗ гумжардамдар чогулуп калды. Бир ай бою түштүккө тынымсыз дары- дармек, тамак- аш, кийим-кечек жөнөтүп турдук. Мына ушуларды эстегенде өрттүн жалынында алсыз болуп, кан жутуп турган элиме аз да болсо, жардам бериптирмин» деп калам.
* * *
Шайлоого үгүттөр кызуу жүрүп жатты. “Ата- Журт” партиябыздын түндүктө кадыр- баркы абдан эле төмөн болуп туруп алды. Анткени, “Бакиевдин партиясы” деп, убактылуу бийлик КТР аркылуу байма-бай көрсөтүп турду. Буга себеп бар эле. Анткени, “Ак-Жол” партиясында депутат болгондордун бир тобун партиябызга кошуп алган элек (мунун себебине төмөндө кененирээк токтолом). «Ак-Жол » бажы бекетинен Алматыдан келе жаткан түрк бизнесменинин (акча алмаштыруу жайдын кожоюну) 750 миң долларын кармап алышып, ”Мына, “Ата- Журт” партиясына Бакиев берип жибериптир, кармап алдык” деп күнү-түнү дебей, КТР кайталап турду. Ал акчасын түрк бизнесмен жигит соттун чечими турса да, бүгүнкү күнгө чейин ала албай келе жатат. Себеби, ошол кезде эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сугунуп коюшкан экен. Мендеги маалымат боюнча, СДПКнын шайлоо иштерине колдонуп коюшкан. Мыйзам боюнча, андай акча түздөн-түз казынага келип түшүп, талаш- тартыш бүткөнгө чейин ошол жерде сакталып турушу керек эле. Бир тыйыны да түшкөн эмес экен.
Ошентип, партиябыздан төбөсү көрүнгөн түндүктүк саясатчылардын баары качып туруп алышты. Көлдүк төбөсү көрүнгөн саясатчы агаларыбыздын баарына кайрылдым. Биринчи ондукка коюп депутат кылалы, келиңиздер, мамлекет үчүн иштеп берели деп. Бир эле жооп алам. «Силердин партия Бакиевдики турбайбы» дешет. КТРдин берүүсүнөн кийин чындыгында элге андай эмес , мындай деп ишендириш кыйынга турду. Кандай жалган маалымат болбосун , карапайым калк талдап олтурбай, дароо ишенип алышат экен. КТРКнын бул кылыгы бүгүнкү күнү да уланып келе жатат. А чындыгында “Ата- Журт” партиясын 2006-жылы депутат болуп турган мезгилибизде түздүк эле.

Садыр Жапаров. "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ"

Р:S: Доцент Мехмет Улуташтын котормосунда Садыр Жапаровдун "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ" китеби түрк тилинде которулуп чыкты. Кыргыз тилинде да эл таанысын деп кыргызча да котормосун берип жатабыз.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости