www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кошмо штаттарда шайлоочулардын өзүнөн добуш алуудан мурун шайлоочулар коллегиясынан добуш алуу маанилүү. Анткени шайлоонун жыйынтыгы ушулардан көз каранды. АКШ 50 штаттан жана Колумбия округунан турат. Алардын ар биринде "Шайлоочулар коллегиясы" деп аталган топ бар. Алардын саны ар бир штаттагы калктын санына байланыштуу болот. Шайлоочулардын коллегиясынын жалпы саны 538 киши. Жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек. АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыктары чыга элек. Ошого карабастан Дональд Трамп түн жарымында эле жеңишин жарыялап жиберди. Добуш саноону токтотууну талап кылып Жогорку Сотко кайрыла турганын билдирди. Расмий жыйынтыктар ушул аптанын соңунда гана белгилүү болот деп күтүлүүдө.
Дональд Трамп добуштар саналып бүтө элек Жорджия, Түндүк Каролина жана Мичиганда жеңишке жеткенин айтып, "көз боёмочулукту токтотуу" үчүн сотко кайрыла турганын айтты.
"Бул биздин өлкө үчүн өтө уят иш. Биз Жогорку Сотко кайрылабыз. Биз бардык добуш берүү токтотулушун талап кылабыз. Биз алар таңкы саат төрттө кайсыл бир бюллетенди таап алып, жыйынтыкка кошуп санашын каалабайбыз",-деди Трамп.
Анын күтүүсүз билдирүүсүн кеңешчиси жана Нью-Жерси штатынын мурунку губернатору Крис Кристи "өтө чабал стратегиялык чечим" деп баалады.
Демократтар республикачыл атаандашын авторитаризм үчүн айыптап, америка демократиясына коркунуч жаратып жатат деп сынга алды. "Биздин юристтер дагы буга каршы турууга даяр. Биз жеңишке жетебиз",-деп жооп кылды Байдендин штабы.Эми мындан ары кандай болушу мүмкүн? Шайлоону ким жеңип чыкканын бир нече күндөн кийин билишибиз ыктымал. Эгерде Трамп Жогорку Сотко кайрылса, жараян дагы бир нече күнгө созулуп кетет. Соңку маалыматтар боюнча Жо Байден атаандашынан алдыда бара жатат. Азыр добуштардын көпчүлүгү саналып бүтө элек. Көпчүлүккө маалым корновирустан улам АКШдагы шайлоочулардын дээрлик жарымы добуштарын мөөнөтүнөн мурун почта аркылуу беришкен. Висконсин, Мичиган жана Пенсильвания сыяктуу штаттардагы добуштар саналып бүткөндөн кийин кимдин утуп чыгары белгилүү боло баштайт. Бул жолу деле шайлоонун тагдырын "оома" штаттар аталып келген аймакка көз каранды болуп тургандай.
Көпчүлүк штаттарда шайлоо тыянагы алдын ала эле белгилүү. Анткени алар салттуу түрдө демократтарды же республикачылардын талапкерин шайлап келе жатышат. Ал эми "оома" штаттар аталган аймактардын кимге добуш берери, акыр аягына чейин белгисиз болот.
Бул жылы БШК шайлоого катышуу рекорддук көрсөткүчтө болгонун белгиледи. 2016-жылга салыштырмалуу 20 млн шайлоочу көп катышып, жалпысы 150 млн киши добушун берди. Алардын үчтөн экиси почта аркылуу шайлаган.
Көпчүлүк штаттар акыркы тыянактар жети күндөн кийин чыга турганын билдирүүдө. Түндүк Каролинада 22-ноябрга чейин, Калифорнияда бюллетендерди эсептөө 28-ноябрга чейин уланышы мүмкүн. Азырынча Politico басылмасынын эсебинде, Жо Байдендин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү сакталууда. Ага "Шайлоочулар коллегиясы" 238 добушун берди. Ал эми Дональд Трампка 213 добуш берилди. Шайлоону утуп чыгуу үчүн "Шайлоочулар коллегиясынын" 270 добушу керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg