www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жуманын орчундуу окуяларынын негизгиси бирөөгө жагалданганды жакшы көргөн көпөстөр Жалил Атамбаев менен Нургазы Айдаровдун өзбек кримтөбөлү деп атагы алыска угулган Салимбай “байбатча” менен жолугушуп, аны айга-күнгө теңеп “Салимбай бар, кыргыз бар. Салимбай биздин тирегибиз” деп сыймыктануу менен айтып жаткан видеосу болду.

Жалил Атамбаев коомчулукка кимдин колунда бийлик болсо ошол кишинин колуна суу куюп, бизнесин өркүндөткөндү мыкты өздөштүргөн “суукуйду бизнесмен” деген каймана ат менен белгилүү. Бийлик башында олтурган адамдардын атын жамынып, иш кылганды жакшы көрөт деген сөз жармашкан. Ал эми Нургазы Айдаров болсо Жогорку Кеңештин мурунку депутаты.

Депутат болуп турган мезгилде элдин көйгөйүн көтөрүп бир да жолу жарытылуу сөз айта албаган. Бирок, өзүнүн бизнесин өркүндөткөндү мыкты билгендерден. Ушундай эки көпөстүн оозунан элдин абалы тууралуу сөз чыкмак беле.

Андыктан “Байбатчаны” “Кыргыздын тиреги” деп былжыраганына нааразы болбой койсо да болот. Бирок, оозуна алы жетпей, ар нерсени оттой берген адамдар менен чогуу Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов менен Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун чогуу түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин талкуу ого бетер күч алды,  деп жазат "Жаңы ОРДО" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости