www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик музейлеринин музей фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койду.

"Музей буюмдарынын жана коллекцияларынын уурдалышын алдын алуу максатында мамлекеттик мекемелердин ички жасалгаларын кооздоо үчүн музей буюмдарын убактылуу пайдаланууга берүүгө жана көргөзмөлөрдү адистештирилбеген мекемелерде уюштурууга тыюу салынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буйуруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрликтин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлдү. 

Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип, Ак үйдө убактылуу сакталып турган баалуу сүрөттөр 6-октябрга караган түнү элдик толкундоолор маалында жоголуп кеткен. Маалыматка караганда, 20 эмгек президент жана өкмөттүн иш башкармалыгында 2010-жылдан бери убактылуу сакталып турган. Ак үйдөгү башаламандыктан кийин комиссия 12 эмгекти таап, калган сегизи жок экенин аныктаган. Алардын ичинде Сүймөнкул Чокморов, Гапар Айтиев, Сүйүтбек Төрөбеков сыяктуу чыгаандардын сүрөттөрү бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости