www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2020-жылдын алты айында карыздарды тейлөө үчүн 16 миллиард сомго жакын акча жумшады. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 15 миллиард 972 миллион сомдон ашык каражат кеткен. Анын 7 миллиард 608,3 миллион сому сырткы карызга кетсе, калган 8 миллиард 363,8 миллион сом ички карызга жумшалган.

2020-жылы карыз төлөөгө жалпы 32 миллиард 821,2 миллион сом каралган.

Мамлекеттик карыз — өлкөнүн насыялык макулдашуусу боюнча же башка карыздык милдеттенмелери, ички жана тышкы мамлекеттик карызынын жалпы суммасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости