www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италия өлкөлөрү үчүн Кыргызстанга кирүүгө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу чечим коронавирус илдетин алдын алуу жана өлкө аймагына киргизбөө боюнча Республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Аталган мамлекеттин жарандары үчүн чакыруу баракчаларын берүү дагы 1-марттан тартып токтотулат.
Чектөөлөр Кыргызстанга жеке жана туристтик багытта келген адамдарга киргизилет. Бирок, дипломатиялык паспорт ээлерине бул тартип колдонулбайт. Биринчи вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында бул дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган убактылуу чара.
Булак:NazarNews.kg