www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан БУУда кыйноолор боюнча баяндама жасоодо

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кезектеги сессиясында кыйноолорго байланыштуу баяндама жасап жатат. Бул тууралуу “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму маалымдады. Уюмдун өкүлдөрү БУУнун сессиясына онлайн көз салып, «Клооп» басылмасы менен бирге маалымат берүүдө.

Уюмдун маалыматына ылайык, Кыргызстандан юстиция министринин орун басары Канатбек Сманалиев баш болгон өкүлдөр баяндама жасап жатат. Сманалиев баяндамада кыйноолорду алдын алуу үчүн жабык жайларда видео көзөмөлдөр орнотулганын айтып берди. Ал эми БУУнун өкүлдөрү мамлекеттик жактоочулар сапаты жана аймактарда жетишсиз экенин белгилешкен.

Буга чейин 10-11-ноябрь күндөрү Кыргызстан кол койгон Конвенцияга ылайык, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кыйноо жана башка кысым көрсөткөн мамилеге каршы иштер боюнча баяндама жасаары айтылган. Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму кыйноого байланышкан өлкөдөгү абал жөнүндө альтернативдүү баяндама даярдаган. Ал баяндамада өлкөдөгү кыйноого каршы аракеттердин натыйжасы жана кемчиликтери белгиленген. Көйгөйлөрдүн бири катары кыйноого кабылганы аныкталган жарандарга төлөнүүчү кенемтенин суммасынын төмөндүгү жана пандемия учурундагы укук коргоочулар кабылган тоскоолдуктар жазылган.

2011-жылы негизделген "Кыйноолорго каршы коалиция" уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан коалицияга 322 арыз түшкөн, анын 240 арызы боюнча териштирүү башталган, 15 кылмыш иши козголгон. 2020-жылы Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборго 100дөй арыз түшкөн.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости