www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Кыргызстанга аскердик мүлк берет

Казакстан парламентинин депутаттары Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик жардам берүү боюнча бир нече макулдашууну ратификациялады.

Мажилистин пленардык жыйынында коргоо министринин орун басары билдиргендей, Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү ушул жылы 2-мартта Садыр Жапаров Казакстанга расмий иш сапары менен барганда акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга кол коюшкан.

«Казакстан аскердик мүлктү унаа менен Кыргызстандын Кой-Таш айылына чейин жеткирет жана ага кеткен чыгымды өзүнө алат. Кыргызстан аскердик мүлктү үчүнчү тарапка бербейт», - деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, Кыргызстанга аскердик мүлк берүү Казакстандын коргонуусуна зыян тийгизбейт. Себеби Казакстандын Куралдуу күчтөрүндө ашып турган аскердик мүлк берилүүдө.

Ал эми Тажикстан менен Казакстан акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга ушул жылы 17-апрелде кол коюшкан. Казакстан аскердик мүлктү темир жол аркылуу Жамбыл облусунун Отар станциясынан Дүйшөмбү шаарына чейин жеткирип берет. Кеткен чыгымды өзүнө алат. Тажик тарап да аскердик мүлктү үчүнчү тарапка бербеши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости