www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жапаров иш сапары менен Стамбулга барат

Президент Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен барат, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи жыйынына катышат.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, алдыда өтүүчү Саммиттин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө.

Ошондой эле, түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» стратегиялык документин, ошондой эле Уюмдун ишмердигине тиешелүү башка документтер кабыл алынат.

Мындан сырткары, Баку шаарында 2019-жылдын 15-октябрында Уюмдун жетинчи Саммити алкагында Казакстандын тунгуч президенти, ТМКК ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев тарабынан демилгеленген «Түрк дүйнөсүнүн 2040-жылга чейинки келечеги» тууралуу чечимге кол коюу пландалууда.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости