www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гуманитардык жардам берүүнүн көч башында Орусия, андан кийин Кытай, Түркия келатышат. Кырк чет мамлекеттен 13304 биздин жарандар кайтып келишкен. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун айтымында COVID-19 пандемиясынын алкагында чет мамлекеттен лабораториялык тесттен өткөрүү үчүн 215 миң тест систем жана үч миңден ашуун реагенттер, 1 миллион 150 миң бир кийме маска, 140 миң фильтри менен көп ирет колдонула турган респиратордук маска, 85 миң корголо турган комбинезон, 784 миң медициналык мээлейлер, 28 миң литр дезинфекциялоочу каражаттар келген. Мунун көпчүлүгүн Орусия тарабынан жардамга келсе, Германиядан 500 миң евро акча келген. Андан тышкары Корея, Беларус, АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Швейцария, Иран, Бириккен Араб Эмираттары гуманитардык жардам беришкен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg