www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла алдыга өнүктү», — деп билдирди бүгүн, 2018-жылдын 10-сентябрында Варшава шаарында ЕККУнун  адамдык ченемдер боюнча кеңешмесинде Кыргызстан делегациясынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысы Мира Карыбаева

Мира Карыбаева учурда Кыргыз Республикасында парламенттик  демократияны өнүктүрүү процесси жүрүп, улуттук мыйзамдар өркүндөтүлүп, эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирилип, сот жана укук коргоо системасынын реформасы ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин ырааттуу аткарып, ЕККУнун адам укуктарын коргоону жакшыртууга багытталган  демилгелерин мындан ары дагы колдоорун баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы 10-сентябрдан 21-сентябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан ЕККУнун адамдык ченемдер боюнча кеңешмесине катышып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости