www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздар да, кытайлыктар да байыркы элдер. Кыргыздын жазма булактары жок болгондуктан Кытай жазмаларында калып калган. Кыргыздардын мындан үч миң жыл илгерки кылык-жоруктарын кытай тарыхчылары таап чыккан. Кытай интернеттери аркылуу кошуна мамлекеттерге көз арта баштады. Бул жерде Кыргызстан да жок эмес. СССР тараганда эле эмне үчүн кыргыздар өзү вассал болушкан Кытайга кайтып келишпейт деп жазып чыгышкан. Тарыхты канча иликтесек дагы Кыргызстан кытайга вассал болгон мезгил болгон эмес. Калппы, чынбы белгисиз адабиятта Манас баатырыбыз Бээжинге чейин кирип барып, чүрчүттөргө күн көрсөтчү эмес.
Кыргызстан гана эмес, Каспийден тартып, Кореяга чейинки жерлер, Орусиянын Түштүк Сибир аймактары, Алтай чөлкөмү, Байкалдын айланасы менен Ыраакы Чыгыш, Монголия, Казакстан менен Борбордук Азиянын чыгыш жактары, Индокытай өлкөлөрү жана башка аймактар бир кездери Кытай императорлорунун бийлик кылган аймактары, эч болбосо вассалдык көз каранды болгон жерлер болчу деген сыяктуу фактыга негизденбеген пикирлер чүрчүттөрдөарбын. Бирок, Кытай Өкмөтү ошол аймактардын тигил же мунусун кайрадан каратып алышы керек деген расмий сунуш эч жерде кезикпейт.
Кыргызстан байыркы Хань династиясынан баштап Орусия каратканга чейин Кытайдын аймагы болуп келген деген пикир жалган. Кытай империясынын армиясы азыркы Кыргызстандын аймактарына бир нече жолу кирген, бирок алар бул жерлерди Кытай династияларынын ээликтери катары административдик бирдик кылганы ушул убакка чейин фактыга таянып изилдөө жүргүзүшкөн тарыхчылардын, чыгыш таануучулардын, кытай таануучулардын бирөөнүн эмгегинде да айтылган эмес. Ал нак чындык.
Кытайлыктар жазып жатат: «Тарыхка назар салсак, Кыргызстан Хань династиясынан баштап Кытайдын аймагы болгон. У-ди императорунун мезгилинде Кыргызстандын аймагы Кытайдын Аньши-Дуньху мекемесинин башкаруусуна киргизилген. Кийинки жылдарда ал Кытайдын башкаруусунда болуп келип, кытаай менен аралаш болуп жашап келген. Цинь династиясы кезинде деле аймак Кытайдын курамында эле. Цинь династиясынын аягында аны Орусия басып алышкан»-дешип.
Чындыгында, үч миң жылдык тарыхый доордо Кытайдагы ар кыл династиялардын Кыргызстандын аймагына карата катышы канчалык болгонун тарыхчылардын жазгандарына карап көрөлү. Бириккен Кытай мамлекетинин алгачкы күчтүү империясы Цинь династиясы (б.з.ч. 221-206-жж.) эле. Анын эң абройлуу ишмери –– император Цинь Шихуанди (б.з.ч. 259-210 жж.) болуп саналат. Ал өз кезегинде аскер, финансы жана башка ички-тышкы реформаларды жүргүзүп, Кытай цивилизациясын бир кыйла өнүктүргөн. Тышкы саясатта негизги окуялар Хунну-Кытай көп жылдык согуштары менен коштолгон. Түндүктөн же кыргыз тараптан тынымсыз чабуул коюшкан көчмөндөрдөн коргонуш үчүн Цинь Шихуанди Улуу Кытай сепилин курдурган. Тарыхый маалыматтарга караганда бул курулушта миллиондогон дыйкандар, кулдар, аскер туткундары иштеген. Улуу Кытай сепилин куруу иши миңдеген жылдарга созулган. Анын курулушу кийинки Хань династиясында (б.з.ч. 206 - б.з. 220-жж.) да уланып, узундугу болжол менен 9 миң чакырымды түзгөн. Кийинки доорлордо куруу иши токтоп, Мин (1368-1644) династиясы кезинде кайрадан уланган. Сепилдин бардык узундугу, тармактары менен 21 196 чакырымды түзсө, ушул убакка чейин сакталган бөлүгү - 10000 чакырымдай.
Бирок, байыркы Цинь династиясынын кезинде кубаттуу башкаруучу Цинь Шихуандидей көсөмү болгонуна карабай, ал доордо кытайлар Борбор Азия жөнүндө кабары жок эле, кызыккан да эмес. Алар негизинен түндүктөгү - Ички Азиядагы каардуу коңшулары - хуннулар жана башка көчмөндөр менен алек болушкан. Алардын арасында байыркы кыргыздар да болгон чыгар.
Цинь Шихуанди түзүп кеткен материалдык жана саясий өбөлгөлөр менен Хань дооруна (б.з.ч. 206 - б.з. 220-жж.) өткөн Кытай түндүк коңшуларынын коркунучу азайгандан соң Борбор Азия жөнүндөгү эң алгачкы кабарларды ала баштайт. Анын негизги демилгечиси - династиянын көрүнүктүү императору У-Хань (б.з.ч. 140–87-жж.) болгон. Ал тарыхта император У-Ди деген ысым менен да белгилүү. Хань императору У-Ди эми саякатчыларды коштогон аскер кошуундарын Борбор Азияга жибере баштайт. Так ошол кездерде кытайлар Кыргызстандын аймагына биринчи жолу келишкен.
Кытайлардын Борбор Азияга кириши менен Улуу Жибек жолу ачылган. Ал б.з.ч. II кылымдарда кытай элчиси Чжан Цзяндын байыркы Ферганага болгон сапарына байланыштуу. Ал кезде кытайлар хуннуларды биротоло талкалаш үчүн Батыш тараптан өнөктөш издеп жаткан эле. Борбор Азияда ошол кезде атагы чыгып турган юэчжи көчмөндөрү менен келишим түзүүгө У-Ди 128-жылы Чжан Цань аттуу офицерди Батышка жиберген. Ал жолдо азыркы Ысык-Көл кылаасында жашаган Усун мамлекетинде кармалып калып, 10 жыл чамасында туруп калат, ал түгүл үй-бүлөлүү да болууга үлгүрөт.
Бирок, бир топ кыйынчылыктардан соң Нарын дайрасын бойлой Фергана өрөөнүндөгү өнүккөн Даван мамлекетине (б.а. Паркана өлкөсүнө) жеткен. Борбору Эрши шаары (азыркы Аравандагы Мархамат), ошондой эле Ю (Өзгөндүн жанындагы Шоро-Башат, же Ош), Гушуан (Касан) шаарлары баш болгон 60тай шаары, өнүккөн дыйканчылыгы, фарфор, айнек жасай билген, өзүнүн жазуусу бар Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи аркылуу жеткен. Даванда өстүрүлгөн легендарлуу асыл тукум «даван аргымактары» болучу. 11 жылдан кийин гана Кытайга кайткан Чжан Цандан мындай кабарларды уккан У-Ди дасыккан генерал Ли Гуанлинин жетекчилиги астында ири кошуунду б. з. ч. 103-жылы Даванга жортуулга жиберген. Негизги себеп - ал кезде аскер ишине жетишпей жаткан жакшы аттарды алып келүү эле.
Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Ю шаарына жетип, бирок, азык-түлүктүн айынан жана жергиликтүүлөрдүн катуу каршылыктарынан улам артка кайтып кеткен. Бирок, б.з.ч. 101-жылы Ли Гуанли жүз миң аскери менен экинчи ирет жөнөтүлгөн. Кармаштар кытайлардын жеңиши менен аяктап, натыйжада Давандын падышасы Мугуа өлтүрүлгөн. Анын ордуна убактылуу көз каранды («тактеке») Моцай олтургузулганы менен Даван эли толук багынган эмес. Согуш кайрадан башталып, Ли Гуанли б.з.ч. 99-жылкы үчүнчү жортуулда гана Давандан 3 миң аргымак тартып ала алган, бирок кытайлар кармаштарда 90 миң колунан ажыраган. Алынган олжо менен аргымактардын 1 миңдейи гана Кытайга жеткирилген. Ли Гуанлинин аскери кайтып кетээри менен Даван мамлекети Хан империясынын таасиринен чыгып, өз алдынчалыгын калыбына келтирип, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган.
Так ушул окуялар, Чжань Цзяндын Борбор Азиядагы бай мамлекеттер Давань, Кангюй, Дася-Бактрия жөнүндөгү кабарлары, жаратылышы кооз, кен-байлыктары мол Ысык-Көл, Теңир-Тоо жана Фергана чөлкөмү, айрыкча «кан тердеген, учуучу тулпарлар - давань аргымактары Кытай империясын бул жакка согуш менен гана келбестен, соода алакасын жүргүзүш үчүн да зарыл экендиги жөнүндө чечимге алып келген. Батыш элдерине баалуу товар болгон кытайлык жибекти бул жактагы товарларга алмашуу үчүн Улуу Жибек жолу ошентип башталган.
Бул фактылар «Кыргызстандын аймактарын Кытай ээлеп, империяга кошкон экен» деген тыянак эмес. Бирок ошол доордон баштап Батыш өлкөлөрүнө карата Кытайдын тынымсыз экспансиясынын көп жылдык чынжыры уланган деп айтса болот. Кыргызстандын аймактарына карата Кытай экспансиясынын геосаясий дагы бир окуясы б.з.ч. 36-жылкы биринчи Талас салгылашуусу болуп эсептелет. Ал окуя мындайча болот. Хунну державасындагы башкы шаньюй тактысын ээлеш үчүн болгон б.з.ч. 49-жылкы так талашуу согушунда тактыга талапкерлердин бири Чжичжи (Хутуусы, Тезек ) бир тууганы Хуханьеден жеңилип калат да, 3000ден ашуун тарапкерлери менен хуннулардын борбору болуп эсептелген Монголиянын түштүгүндөгү Ордос талааларынан түштүк-батышка карай качат.
Жолдо ал алгач Чыгыш Түркстандын түндүк аймактарында (Боро-Хоро тоолору, Манас өзөнү) жашап жаткан гянь-гундарды (кыргыздарды), андан кийин кыргыздардан түндүгүрөөктө жайгашкан динлиндерди (кыргыздардын ата-бабаларынын бири) талкалап, алардын эр бүлөлөрүнөн күчтүү аскер кураган.
Андан кийин борбору Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан усундар (кара-кыргыздар) менен согушуп, алардан күчтөндүргөн аскерин баштап батышка жөнөйт. Чүй өрөөнүнөн өтүп, Арал деңизинин түштүк-чыгышында жайгашкан Кангюй мамлекети менен келишим түзгөндөн кийин Талас өрөөнүнө токтоп, ал жерде Батыштын стилинде сепил куруп, шаарча түптөп, ээлик түзгөн. Сепилдин римдик стилде дегени, булактарга караганда Рим империясы менен согушкан Парфиядан сатылып келинген рим туткун-легионерлеринин бир тобун Кангюй падышасы Чжи-Чжиге белек кылган имиш. Алардын жардамы менен Талас сепили курулган экен.
Ошентип, Чжичжи теңиркут Таласта чакан ээлик түзүп, б.з.ч. 48-жылдан баштап ордо күтүп жашап калган. Муну кыргыздардын алгачкы жаңы ордолорунун бири катары санаса болот. Хуннулар менен өчүгүшкөн душманы - Кытайдын Хань империясынын ошол кездеги императору Юань-динин (б.з.ч. 48-33-жж.) буйругу менен хуннуларды акырына чейин талкалаш үчүн Чжичжинин ордосуна каршы Чен Тан аттуу генерал күчтүү армиясы менен Таласка жиберилген. Чжичжинин Таласта 12 жыл бою тынч турган ордосун талкалаган геосаясий ири салгылашуу – Талас салгылашуусу б.з.ч. 36-жылы болуп өткөн. Бул салгылашуу Кытайдын батыш саясатындагы тагдыр чеччү окуя болуп эсептелет. Натыйжада Чжичжи өлтүрүлүп, армиясы талкаланып, эли таркатылып жиберилет.
Бирок, Кытайдын toutiao.com сайтынын «Мурда биздин кытайлык мамлекетибиздин аймагына кирген азыркы таптагы көптөгөн мамлекеттер бар... Тан династиясынын аймагы кыйла кеңейген, аймагы боюнча ал өзүнө чейинкилерден алда канча ашып түшкөн. Анын эң батыштагы бөлүгү Кыргызстанды камтып турган болчу...» деп айтылат.
Биздин кыргыздар деле ааламдын баарында өз улутунун «изи бар экендигин» тастыктап, айрым инсандарды өзүнүн тикелей бабалары катары санап, маселен Аттила, Чыңгыз хан, Аксак Темир, Ленин кыргыз экен деген сыяктуу пикирлерди эркин сайттарда жаза беришет эмеспи. Бул жерде да так ушундай...
Toutiao.com интернет-сайты Кыргызстан жөнүндөгү жана Кыргызстандын Кытай империясына болгон мамилеси жаатындагы мазмуну жакын маалыматтар бардыгы өкүнүчтүү. Алардын аталыштары ар башка, бирок негизги мааниси бирдей. Айрымдарынын автору көрсөтүлгөн, көбү авторсуз. Баамдашыбызча, автордун ысмы деле компьютердик эсептегич машинанын өзү эле коюп койгон аталыш сыяктанат. Анткени, Toutiao.com интернет-сайтынын маалыматтары эсептегич электрондук технология менен тарабынан коюлуп турат .Toutiao.com интернет-сайты кытай бийлиги менен тыгыз иштешкен, окурмандарынын саны 750 миллионго жакын, баш кеңсеси Бээжинде жайгашкан белгилүү сайт.
(Уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg