www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда октябрь айынан тарта 12 жаштан жогорку курактагы балдар менен кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмделе баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цойго шилтеме берип Sputnik Казакстан жазды.

Бул үчүн АКШлык компания өндүргөн Pfizer вакцинасы колдонулары айтылат.

"Октябрь айынын башында Pfizer вакцинасы алып келинип, кош бойлуу аялдарга колдонуу пландалууда. Ошондой эле 12 жаштан өткөн балдарды ата-энесинин уруксаты менен эмдөөгө болот", — деп айтылат макалада.

Эске салсак, өткөн айдан тарта Россиялык "Спутник V" вакцинасын дагы 12-17 жаштагы өспүрүмдөргө пайдалануу боюнча клиникалык изилдөө башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости