www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчөт. Тизме

11-август күнү Бишкектин 15 көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын бригада жабдууларды оңдоп, зымдарды монтаждап, чубалгыларга тоскоолдук кылган бактардын шагын кесет.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

9:00дөн 10:00гө чейин — Патрис Лумумба көчөсүндө (аскер бөлүгү);

9:00дөн 17:00гө чейин — Токтогул көчөсү (№215 үй);

9:00дөн 18:00гө чейин — Бөкөнбаев, Махатма Ганди, Буурдинский, Темировская, Ала-Бука көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү, Арча-Бешик жаңы конушу (Кара-Кужур, Шербет, Тогуз-Түтүн, Арча-Бешик көчөлөрү);

9:30дан 17:30га чейин — Ахунбаев көчөсү (№98б үй);

9:30дан 18:30га чейин — Лермонтов көчөсү Чоң Чүй каналынын жээгинен Осмонкул көчөсүнө чейин;

10:00дөн 17:00гө чейин — Ибраимов жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости