www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Антикоррупциялык ишкердик кеңешке кире турган мүчөлөрдү президент Садыр Жапаров өзү дайындайт. Бул туурасында кеңештин жарандык сектор менен биринчи жумушчу жолугушуусунда белгилүү болду.
Бүгүнкү жыйында мүчөлүккө киргизүү боюнча критерийлер добуш берүү менен чечилди. Натыйжада кеңешке уставында "коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенет" деген пункту бар коомдук уюмдарды гана киргизүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле талапкерлигин көрсөткөн тараптар жемкордукка бөгөт коюу боюнча жасаган иштеринин бир жылдык отчетун бериши шарт. Андан соң президент карап көрүп, мүчөлүккө бекитет.
Белгилей кетсек, Антикоррупциялык ишкердик кеңеши мындан бир ай мурун, 8-июлда, президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Жетекчиси Нуруйпа Муканова.
Аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн шарт түзүп берүү болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg