www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн электр кубатын алат. Кайра кайтаруу шарты менен Казакстандан 900 млн кВт-саат алынат. Ушундай эле келишим менен Өзбекстандан 750 млн кВт-саат келет.

Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан 501 млн кВт-саат кубат сатып алынат. Орусиядан 2-3 млрд кВт-саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатат.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттер үчүн өткөн жыйында 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 млн кВт-саат электр энергиясын алына баштаганын билдирди.

«Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып: «Электр энергия керек болсо берели», - деп сунуш кылган. Бүгүндөн тарта күн сайын 1 млн кВт-саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар», - деди Бекмурзаев.

Бекмурзаев Тажикстан электр энергияны кандай шартта бере турганы сүйлөшүү учурунда белгилүү болоорун кошумчалады. Ошентип, Кыргызстан бардык коңшулардан электр энергиясын алмай болду.

Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. Мындан сырткары, алты гидроэлектростанция жана эки ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ) - Бишкекте жана Ошто - бар. Кыргыз бийлиги «Камбар-Ата-1» жана Нарын дарыясынын башында төрт ГЭСтен турган каскад куруу тууралуу айтып келгени менен, так даана макулдашкан долбоор жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости