www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кантип эртең менен кыйналбай оңой турса болот?

Ар бир эле адамга эртең менен туруп, жумушка баруу кыйындыкка турат. Эч ким таттуу уйкусун бузгусу келбейт. Эртең мененки уйку баарынан таттуу болот эмеспи. Канткенде кыйналбай турса болот, эмне кылуу керек? Жатаар алдында телефон карабоо шарт.

Телевизордон жаңылык же эмоцияга таасир берчү видеолорду көрбөш керек. Ашыкча маалыматтар мээге күч келтирип, уйкунун тынч болуусун бузат. Жакшы нерселерди ойлоп жатыш керек. Мындан тышкары, уктаар алдында курсакты өтө тойгузбаңыз. Уктаарга 2 саат калгандан тартып эч нерсе жебеңиз.

Жеп алсаңыз ашказан түнү менен иштеп, уйку тынч болбой калат. Ойготкучту алысыраак жерге коюу керек. Анткени эртең менен чырылдаганда аны туруп барып өчүргөндө уйкуңуз ачылып кетет. Бөлмөнү уйкуга ыңгайлуу кылып алуу керек.

Өтө ысык же суук болбошу шарт. Ашыкча жарык тийип, сырттагы дабыштар угулбагандай кылып алыңыз. Жаткан төшөктү да оңдоңуз, катуу же ашыкча жумшак болбошу керек. Жаздыктын ыңгайлуусун тандаңыз. Бир режимге өтүү керек. Мисалы, күндө кечинде 11де жатып, эртең менен 7де турсаңыз, ал режимди бузбоо зарыл.

Бара-бара организм ушул уйкуга көнүп, бир канча айдан кийин будильниги жок эле ойгоно баштайсыз. Өтө кеч жатпаш керек, адамга 8 саат уйку туура болот. Андан ашык же кем болсо, ден соолукка зыян.

Булак: Азия News гезити

Последние новости