www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапонияда жаңы премьер-министр шайланды

Жапониянын эл өкүлдөр палатасы (төмөнкү палата) өлкөнүн 100-өкмөт башчысын шайлаганын РИА Новости билдирет.

Өкмөттүн жаңы башчысы - башкаруучу Либералдык-демократиялык партиянын лидери, 64 жаштагы Фумио Кисида болду. Буга чейин ал ТИМди жетектеп келген.

Кисида 458 добуштун 311ин алган. Оппозициялык башкы күчтөрдүн, Конституциялык-демократиялык партиянын жетекчиси Юкио Эданого 124 депутат добуш берген. Жапонияны реформалоо партиясынын башчысы Тораносукэ Катаямуга — 11, Элдик-демократиялык партиянын лидери Юитиро Тамаки дагы — 11 добуш алган. Кисиданын атаандашы, Либералдык-демократиялык партиядан сунушталган Санаэ Такаити айымга бир гана добуш берилген.

"Ошентип депутат Фумио Кисида Япониянын премьер-министри болду", — деди төмөнкү палатанын башчысы Таданори Осима түз эфирде.

Япониянын премьер-министри сунушталган талапкерлерден тандалат. Ар бир партия өзүнүкүн сунуштайт, адатта лидерлер добушка коюлат. Башкаруучу партиясында депутаттык портфелдердин жарымынан көбү болгондуктан, Кисиданын өтөөрү божомолдонгон.

Парламенттин жогорку палатасында добуш берүү жарым саатка кеч башталды. Ал жакта да бийликтеги Либералдык-демократиялык партиянын өкүлдөрү көп. Жогорку палатадагы башка талапкер жеңип кеткенде деле төмөнкү палатаныкы артыкчылык кылып, ошолордун добушу чечүүчү мааниге ээ болуп кетет.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы бүгүн кечке чейин жарыяланат. Кисида шайланып алгандан кийин ыйгарым укуктары аяктап бара жаткандыгына байланыштуу парламенттин төмөнкү палатасын тарата тургандыгын айтты. Шайлоо 31-октябрда болору кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости