www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-июнда Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн Кыргыз футболчулары Индиянын футболчулары менен беттеш өткөргөн. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин Индиянын дарбазачысы менен кагылышканда жаракат алган. Ал оюнду уланта албай, анын ордуна футбол талаасына Эдгар Бернхард чыккан.
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Антон Землянухинди дарыгерлер оюн талаасынан көтөрүп чыгып кетишкенден кийин ооруканага жеткиришкенин кабарлаган.
Футболчу Антон Землянухин дарбазачы менен кагылышып кеткенде кабыргасы сынып, өпкө тушуна катуу сокку болгонун интернеттеги баракчасына жарыялады.

Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

 

Последние новости