www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан кантип кризистен чыга алат?

«Кыргызстан азыркы кырдаалда бар мүмкүнчүлүгү менен жашап, көйгөйлөрдү өз күчү менен чечүүгө үйрөнүүгө болот», — деп билдирди Борбордук Азия боюнча россиялык талдоочу Аждар Куртов.

Ал учурда Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды талдоого алып, инвестициялык кырдаалга терс таасирин белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдө инвестициялык секторду түзүүгө таасирдүү жолу жок.

«Анүстүнө учурда жаңы саясатчылар шайлоого даярданып, өлкө үчүн такыр пайдасы жок иштер менен — бийлик, кызмат бөлүштүрүү менен алек», — дейт ал.

Аджар Куртор: «Кыргызстанда ким документке кол коюп, чечим кабыл аларына иши жок. Эң башкысы азыркы чечимдердин мыйзамдуулугуна күмөн жаралып, алар өлкө кызыкчылыгына каршы келбесе болду».

«Менин оюмча өлкөнүн кызыкчылыгы төмөнкүлөр: Коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам курчуган экономикалык кризистин таасирин азайтуу. Мындай кырдаалда экономикага ички өндүрүш колдоо көрсөтө алат, бирок алар Кыргызстанда өтө аз», дейт Аждар Куртов.

Ал ички өндүрүштү тармагынын башкы өзөгүн тоо-кен тармагы түзөрүн белгилейт.

«Кызыгы тоо-кен тармагын бийлик алмашкан сайын аны коргоонун ордуна кайра басым жасалып баштайт», — дейт ал.

Талдоочу Кыргызстанга тез арада саясый кризистен чыгуу аракетин көрүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости