www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жылдын башынан бери 3 миңден ашуун долбоорду каржылаган. Экономикага кошкон салымы 400 миллион доллардан ашты.

Кыргызстан өзүнүн ишканаларын ачкандыктан бир катар товарларга болгон муктаждыкты жаап баштайт. Бул тууралуу Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков Евразиялык экинчи конгрессте билдирди.

Анын айтымына караганда, фонд республиканын экономикасына 400 миллион доллардан ашык акча салды. Ал жыл башынан тарта баш-аягы үч миңден ашуун чакан, ири, орто жана системалуу долбоорду каржылаган.

Новиков жогоруда айткандары боюнча төмөнкү мисалдарды келтирди:

Кластердик өнөр жайдын толук циклин түзүүгө мүмкүн болду, ал жип ийрүү үчүн пахтаны өздөрү өстүргөндөн тарта кийим-кече тиккенге чейинки процесс. Кыргызстан мурда кездемени 100 пайыз импорттоп келсе, азыр муктаждыктын бир бөлүгүн өзүнүн өндүрүшү менен жаба баштады;

Кыргызстандагы кант тармагын калыбына келтирип жана өнүктүрүүнү колдогон долбоор. Кант заводун жандандырып, кант кызылчасын өстүргөн 3 миңге чукул фермерди ишке тартышкан. Анын натыйжасында өлкө бул продукция боюнча муктаждыгын 100 пайыз өзү жапты;

Фармацевтика тармагын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кээ бир препараттарды өндүрүү боюнча ири долбоор ишке ашканы турат, ал муктаждыкты 100 пайыз жабууга ниеттенүүдө.

Иш-чараны Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Россия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурган. 

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости