www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы 132-орунда, 2020-жылы 124, 2021-жылы Кыргызстан 144-орунга түшүп, КМШ боюнча үчүнчү орунга көтөрүлдү. Биринчи орунда 169 –орунда 13 балл менен Түркмөнстан, (Конго жана Бурунди). Экинчи орунда 150-орунда Тажикстан 25 балл менен (Иран, Гватемала жана Гвинея). Өзбекстан мурун Кыргызстандын артында болчу, эми алдыга 28 баллга көтөрүлүптүр. “Жөжөнү күзүндө санайбыз” 25-январда «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 31 балл алып 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээлеген.”Бир кадам алдыга, эки кадам артка” дейт быйыл Кыргызстан 4 баллга артка кетти. 2020-жылга салыштырмалуу  КМШ мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан (28 балл) менен Молдова (36 балл)  экөө экиден баллга көтөрүлдү.  Армения (49 балл), Азербайжан (30 балл), Тажикстан (25 балл) и Түркмөнстан (19 балл)  2020 жылга эч өзгөрүү бьолгон жок. не изменились. Грузия (55 балл) жана Казакстан (37 балл) 1 баллга артка кетсе,  Кыргызстан (27 балл) төрт  баллга артка кетти. 2019 -жылы Кыргызстан 132-орунда эле, ага салыштырмалуу 8 пайызга көрсөткүчүн жакшырта алган. Мурункуларга салыштырмалуу жылыш болгон, бирок ал көзгө басарлык эмес. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 31 балл алып, 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээлеген. Быйыл артка кетиптир. 144-орунда  - Уганда, Камерун менен – биздин Кыргызстан  27 балл менен жүрөт.

Королева Маргарита II жетектеген Данияда, королева Елизаветага көз каранды Жаңы Зеландияда, премьер-министр Санна Марин жетектеген  Финляндияда коррупцияны жок кыла алышты. Булардын ар бири 88 баллдан жыйнашкан. Андан кийин Сингапур, Швеция жана Норвегия (85). Андан кийин Швейцария (84), Нидерланды (82) жана Люксембург (81). Булардан соң - Германия, 9-орундан 10-орунга 80 балл менен түштү.

Эркектер башкарган мамлекеттерде, коррупция жок болуп кетсе, коррупционерлер ачка калбайбы?  

«Transparency International» уюму коррупцияны азайтуу боюнча рейтингдерин берди. Уюм биринчи кезекте бийликти бөлүштүрүү системасын бекемдөөгө, бюджетти бөлүштүрүүдө жеке байланыштарга жол бербөөгө чакырат. Ошондой эле саясий партиялардын каржыланышын көзөмөлдөөгө, шайлоо процессинин тазалыгын камсыз кылууга жана жарандарга, активисттерге, журналисттерге көбүрөөк эркиндик берүүгө кеңеш берет. Уюмдун коррупция боюнча индекси 1995-жылдан бери эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу түзүлүп келет. 100 баллдын ичинен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 88 баллдан көп алган өлкөлөр – биринчи Дания жана экинчи орунда Жаңы Зеландия. 85 баллдан өйдө үчүнчү орунда Финляндия, төртүнчү орунда Сингапур, бешинчиде Швеция жана алтынчы орунда Швейцария өлкөлөрү алышты. Эң акыркылары эң аз 11 балл алып, абдан коррупциялашкан өлкө аталгандар – 180 –чи орун Түштүк Судан жана 13 балл алып 179-чу орунду  Сомали 178 –орунду Сирия алды.

Коррупция аз деген мамлекеттик органдар

Облустук, райондук жана айылдардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупция  аз деген мамлекеттик органдар деп табылды. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Коррупция аз деген мамлекеттик органдар:

- Жергиликтүү мамлекеттик администрация (39,4%);

- Өкмөт өкүлчүлүктөрүнүн аппараты (39,2%);

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (36,8%);

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык байланыш боюнча мамлекеттик агенттиги (35,8).

Коррупция коркунучтуу оюн

Коррупция коркунучтуу оюн экен, так эсебин ким билет, бирок коррупцияга каршы чыккандардын айтымына караганда 2020 – жылы коррупция аркылуу кымтылган акчалардын саны миллиарддан эбакта ашып кетти. Бул, албетте, билинген гана коррупциянын жыты, билинбеген коррупциялар канча экенин ким билет? 2019-жылдын башынан бери мамлекетке коррупция аркылуу зыян келтиргендердин саны 5 млрд 981 млн 843 миң 700 сомго жетип, тергөө кызматкерлери аркылуу 2019-жылы коррупцияга таянып “коркуратып” мойнунан бурагандардан 183 млн 809 миң 294 сом мамлекеттин казынасына түшүргөн.

Башпрокуратура коррупция иштери боюнча 962 кылмыш иштерин козгогон:

- Кызматын кыянаттык менен пайдалангандар — 32;

- Мамлекетке пайдасыз, өзүнө пайдалуу контракттарды түзгөн үчүн — 3;

- Мыйзамсыз байыгандар— 4;

- Пара алып же пара бер деп зордогондор — 53;

- Кызматтык кара ниеттик — 56;

- Паспортторду мыйзамсыз бергени үчүн — 12.

Калган акчаларды ордуна коюу үчүн тергөө иштери катуу жүрүп жатат. Бүгүн жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун мойнунда 5 миллиард долларга чукул акча тышкы карыздары бар. Өзү да инаугурацияда бул тууралуу кеп кылды.

2016-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстандагы коррупция үчүн 50дөн ашык адам соттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдаган. Ведомство беш жыл ичиндеги укук бузуулар жөнүндө маалыматты жарыялаган. Жыл сайын соттор 7,1-7,7 миң адамга карата өкүм чыгарган. Жылдар боюнча коррупция үчүн соттолгондордун саны тууралуу маалыматтар:

киши;

2016-жети киши;

2017-11 киши;

2018-18 киши.

2019-12 адам;

2020-?

2021-жыйынтыгы чыга элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости