www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын мугалими окуучуну бир чаап койгону үчүн иштен кетти. Себеби, баланын ата-энеси аны иштен алгыла» деп ультиматум коюптур.

Билим берүү министрлиги мугалимдерди коргойбу же мугалим байкуш арызчыл ата-энелердин, чынтийбес балдардын курмандыгы боло береби?

Мектепте бейбаштык кылган, тартиби жок, үйүнөн тарбия кербеген эркеталтаң балдарды тартипке чакырыш үчүн мугалим аргасыздан какыс-кукус кылып баланы чаап койгону үчүн мугалимди иштен айдоо - бул мыйзамсыздык.

Мындай конфликттик кырдаалда баланын денесине канчалык зыян келгенин экспертиза гана аныктайт. Укук коргоо органдары териштирип, сот чечим чыгарат. Анан бир ата-эне «мугалимди кетир» деп арызданса эле мугалимди иштен ала бергидей мектеп «Шарашка» болуп калганбы?

«Энеси болушчаактын кызы ыйлаак» дейт элибизде. Эркеталтаң, тартипсиз, маңкурт чалыш балдарды окутуп, тарбиялап берип жаткан мугалимдерге рахмат айтыштын ордуна минтип иштен айдоо мугалимдин кадыр-баркына доо кетирет. Тескерисинче, жарыбаган айлык менен иштеп жаткан мугалимдерди колдоо, коргоо керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости