www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түндүк электр" ишканасы Бишкектин 6-9-кичи райондорунда эмне себептен электр жарыгы өчүрүлгөнүн түшүндүрдү.

Кечээ, 26-январда, саат 22:45тер чамасында "Абдыкалыков" подстанциясында жогорку вольттук линиянын иши үзгүлтүккө учураган. Кичи райондун тургундары электр жарыгынын жоктугуна нааразы болуп, "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасына жазышкан.

"Түндүк электр" ишканасы белгилегендей, бригада электр кубатын саат 23:55те калыбына келтирген. Мындан тышкары, саат 18:25те "Пиковая-Котельная" подстанциясында жогорку вольттук линия да жабыркап, кесепетинен Ак-Ордо конушу жарыксыз калган. Аталган конушка электр кубаты саат 20:25те берилгени айтылды.

Ишкана абоненттерден келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, суроо жаралса кол-борбордун 1209, (0702/0772/0556) 00-12-09 телефондоруна чалууну өтүндү.

Эске салсак, 25-январда Кыргызстандын дээрлик бардык аймагы, Казакстан, Өзбекстан жарыксыз калган. Ири авариянын так себеби азырынча белгисиз. Бирок көйгөй Борбор Азиянын бириккен энергошакекчесинде пайда болгону маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости