www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча жумушчу топ жай айларында Бишкекте чогулат. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда темир жолдун багыты менен өтмө базаны тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Кыргызстан Торугарт - Ат-Башы - Ак-Талаа, Тогуз-Торо - Жалал-Абадды аралап өтө турган багытты сунуштады. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырым. Үгүткө өтмө база куруу пландалган.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө 10 жылдан ашканы менен, орток пикир табылбай келет. 2012-жылдагы вариант боюнча темир жолду курууга 6-6,5 млрд. доллар кетет.

Калиевдин белгилешинче, темир жол куруу маселеси Бээжинде, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда да көтөрүлдү.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация Бээжинде кытайлык жол салган компаниялардын өкүлдөрү «Кытай темир жол куруу корпорациясы» жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда транспорт тармагындагы кызматташуу маселеси талкууланып, кытайлык компаниялар Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкчылыгы бар экени айтылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости