www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 13-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы жалпы суммасы 11,5 млн. еврону (анын ичинен 4,1 млню евро – насыя каражаттары, 7,4 млн. евро – Кербен жана Исфана шаарлары үчүн грант) түзгөн насыялык жана гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болду. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билдирди.

Бул инвестициялар таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгүн бир кыйла жакшыртып, таза суунун жоголуусун азайтат, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жакшыртат жана эксплуатациялык чыгымдарды оптималдаштырат деп күтүлүп жатат.

Макулдашууга кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан ЕРӨБнын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн кол койду.

Кол коюу аземине ЕРӨБнын жана Европа Бирлигинин өкүлдөрү, Шарлотта Андриан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен жабдууну жана сууну кетирүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев, Кербен жана Исфана шаарларынын мэрлери, ошондой эле эки шаардын «Водоаналдарынын» жетекчилери катышты.   

Министр Б. Жеенбаева менен Департаменттин директору А. Токтошев ЕРӨБнын жана Евробирликтин командаларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.  

Өз сөзүндө Нил МаккКейн менен Шарлотта Андриан мындан ары да колдон келген жардамын көрсөтүүгө, Кыргызстандын калкынын жыргалчылыгы үчүн ичүүчү суу менен жабдуу жана сууну кетирүү секторун колдоого даяр экендигин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости