www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 12-сентябрында Эгемендүүлүк Сарайында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов тарабынан Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкого ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белоруссиянын башчысы Белоруссия ачык, тынчтыкты жактаган, көп багыттуу тышкы саясатты жүргүзгөн өлкө экендигин айтып, ошондой эле саясий таасирине, географиялык алыстыгына жана экономикалык күч-кубатына карабай бардык өнөктөш чет мамлекеттер менен тыгыз жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Ошону менен катар, А.Лукашенконун сөзүндө, ар бир дипломаттан мамлекеттер аралык мамилелердин мүнөзү гана эмес, өз ара ишеним жана түшүнүшүү маанилүү деӊгээлде байланыштуу экендиги белгиледи.
Беларусь Республикасынын Президенти А.Лукашенко Кыргыз Республикасынын Элчиси Эрмек Ибраимовго кайрылып, Кыргызстан Белоруссия үчүн салттуу түрдө маанилүү союздаш жана шериктеш болуп саналарын белгиледи.
Эки тараптуу мамилелердеги артыкчылыктуу милдеттеринин бири бул ЕАЭБтин дараметин пайдаланып, товар жүгүртүүнү өнүктүрүү болуп саналат. «Акыркы эки жылдын ичинде өз ара соода жүгүртүүбүз 2,5 эсеге өсүшү буга күбө»,- деп кошумчалады Белоруссиянын Президенти.
Беларусь Республикасынын Президенти А.Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго эң жакшы каалоолорун багыштап, Кыргызстанга туруктуулукту жана өнүгүүнү каалады, ошону менен бирге, Беларусь Кыргызстан үчүн буга чейин ишенимдүү өнөктөш болуп келгендигин жана боло берээрин билдирди.
Булак: NazarNews.kg