www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 26-сентябрында Кыргызстан менен Кореянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Кан Гён Хва телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты.

Ошондой эле эл аралык күн тартибинин, анын ичинде «Борбордук Азия + Корея Республикасы» диалог аянтчанын алкагында ДСУ, БУУ жана башка маселелер боюнча сөз болду.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен эки өлкөнүн жарандары өз ара каттоолорун жаңылоо боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости