www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында практикалык чаралардын планына, башкача айтканда, «Жол картага» кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Жалпысынан 550,4 миллион доллар суммасындагы 60 долбоорду ишке ашыруу каралган. Алардын арасында төмөнкүлөр бар:

Алгачкы баскычында 50 миллион доллар капиталы бар Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү;

Чүй облусунда 100 миллион доллар суммасындагы жүгөрүнү иштетүүчү ишкананы түзүү;

Фергана облусунда GeoBetonBagdad ААК базасында бетондон буюм өндүрүү боюнча 40 миллион долларлык долбоорду ишке ашыруу;

15 миллион долларлык «Кызыл-Кыя» соода-логистикалык борборун куруу долбоору;

15 миллион долларлык медициналык багыттагы атайы желим-техникалык буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу жана медициналык аспаптарды өндүрүү;

12,5 миллион долларлык мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, аны Кыргызстан аркылуу ЕАЭБ рыногуна экспорттоо боюнча биргелешкен дүң-логистикалык борборлорду түзүү;

10 миллион долларлык заманбап күнөскана чарбасын жана логистикалык борборду түзүү;

Наркы 8 миллион доллар турган Наманган облусундагы жемиштерди кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык ишкананы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу;

Наркы 8 миллион доллар турган Uni Mobile ААК биргелешкен ишкана базасында цемент заводун куруу боюнча жана башка долбоорлорду ишке ашыруу.

Белгилей кетсек, «Жол картага» киргизилген долбоорлор мамлекеттик ички макулдашуудан өткөрүлөт. Тараптар аркылуу долбоорлор кароо процессинде толукталып же четке кагылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости