www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жогорулатат. Бул тууралуу Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жолугушуулардын жүрүшүндө соода-экономикалык алакалар кеңири талкууланган.

«Кыргызстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 507 миллион долларды түзөт. Былтыркы эпидемияга карабай бул көрсөткүч олуттуу түрдө төмөндөгөн жок. Бирок биздин потенциалыбыз алда канча жогору деп эсептейбиз. Бул көрүнүп турат. Биз өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдаштык», - деди түрк лидери.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 9-11-июнь аралыгында Түркияда расмий иш сапары менен жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости