www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор президенттин расмий сайтына илинди.

Жаңы мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90 боло турганы көрсөтүлгөн. 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизме аркылуу шайланып келет.

35 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча шайланат.

Мажоритардык система боюнча талапкерлерди сунуштоо укугу саясий партияларга да берилген.

Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Бир мандаттуу шайлоо округу аркылуу келген депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо эки ай аралыгында өткөрүлөт. Эгер Жогорку Кеӊештин мөөнөтү аяктаганга чейин бир же бир жылдан аз калганда мандатын тапшырса шайлоо өткөрүлбөйт.

Мурдагы Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш саясий партиялар аркылуу шайланып келген 120 депутаттан турчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости