www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Жапаров менен жолугушууда ФЕТО маселесин көтөрдү

Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда "ФЕТО баш болгон террордук уюмдар менен күрөшүү жана чөлкөмдөгү кызматташтык сыяктуу маселелерди талкууладык" деп билдирди.

Бул тууралуу эки лидердин 9-июнда биргелешип өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтылды.

"ФЕТО уюмунун эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу урматтуу бир тууганым менен пикирдешпиз. Соңку саясий көйгөйлөр ФЕТОнун караңгы, кандуу жана суук "жүзүн" ортого салды. Буюрса, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу президентке Түркиянын кыргыз элине жана өкмөтүнө болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз кыргыз мамлекетинин жанындабыз", -деп айтты Эрдоган.

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет.

Эрдогандын бийлиги кыймылды ФЕТО же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам набыт болгон. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайлап уюштурган деп жооп кайтарган.

Эрдоган дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан ФЕТО уюмуна тиешелүү делген ишканаларды, билим берүү жайларын жаап, анын мүчөлөрүн Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылууда. Анын ичинде 30 жылдан бери Кыргызстанда иш алып барган мурдагы “Себат”, кийин "Сапат" болуп өзгөргөн билим берүү жайлары да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости