www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия кыргыз элине эмнеге колун сунуп жатат?

Мусулман эли үчүн арабдар туруп берген жок. Эрдоган мусулмандарлы шылдыңдаган француздар үчүн Макронго муштумун кеседи. Эрдоган туруп берди ал түрк дүйнөсү эмес, бардык мусулман үчүн төшүн тосту. Хрисантиандер жана ааларды колдогон капыр агымдар,мусулман дүйнөсүн тебелеп-тепсегизи келет. Дүйнөдө христианин дини үстөмдүк кылат.Дүйнөдөгү алдуу-күчтүү мамлекеттердин бири катары Түркия өзгөчө орунду ээлейт. Ал НАТОнун мүчөсү болсо да, АКШка чөгөлөй калбай, өз алдынча сасясат жүргүзүп келатат. Түрк элдеринин ичинде да союзга кирбей аскердик-техникалык жактан эң кубаттуусу Түркия. Арийне, Түркиянын да өз алдынча көйгөйлөрү бар. Айрыкча, Гүлен бийлик талашып ызы-чуу салгандан бери президент Режеп Тайып Эрдоган гүленчилерге каршы ички жана тышкы саясатын жүргүзүп келатат. 2015-жылдын 24-ноябрында Орусиянын Су-24 бомбалоочу  учагы сирия тараптан Түркиянын аймагына кирип барганда алардын F- 16 «истребители» атып түшүргөн соң, Орусия менен бир топко мамилеси сууп, кайра калыбына келген. Сирия чатагын калыбына келтирүү үчүн Путин менен Эрдоган бир нече жолугушуларды өткөргөн.

Бизде канча болсо да депутат болуп шайлана берет, ал  эми Түркияда үч жолу депутат болууга мыйзам боюнча тыюу салынган. Бул жагын үйрөнсө болот. Андан тышкары Түркиянын мурунку президенти Сулейман Демирел Бишкекке иш сапары менен келгенде кыргыз элин көтөрмөлөп кеткен. Сулейман Демирел Кыргызстанга келип: “Кыргыздар сиздер 6 миллион эмессиңер, сиздер биз менен 60 миллиондон аштыңар, анткени түрктөр кыргыздан тараган” –деп мойнуна алган. Арийне, түрктөрдө илгертен: “Казак боорум, өзбек тагам, түркмөн тууганым, кыргыз бабам” –деген макал бар. Кыргыздын байыркы калк экенин түрктөр жакшы билет. Ошондуктан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тажикстан менен болгон жаңжалда Кыргызстанды ачык эле колдоп чыкты. Бул жакшы көрүнүш, анткени түрк мамлекеттери өз ара уюм түзүшүп, келишимдери бар. Бул кагаз жүзүндө гана болбой иш жүзүндө болуп турганы жакшы. Андан тышкары Садыр Жапаров президент болуп шайланганда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган куттуктаганда, ал түрк тилинде куттуктоосуна жооп берген.

Учурда Түркия бийлиги менен кызматташтыкты сактоо үчүн «Хизмет» кыймылын же «Гүленчилерди» бийлик жакка жакын жолотпошубуз керек. Азырынча бийликте убактылуу министрлер иштеп жаткандыктан, Билим берүү министрлигин Алмазбек Бейшеналиев деген «гүленчи» жетектеп турган. Бул Түркия менен мамилелердин кескин бузулушуна алып келиши мүмкүн эле. Алмазбек Бейшеналиевди министрден алып, бийлик Түркия менен кызматташтыкка барып туура аракеттерди баштаган.

Борбор Азияда чечүүчү ролду Түркия ээлеп, түрк биримдигинин аркасында биригүү тууралуу идеялар артта калган. Ушул идеяга шылтоолоп Борбор Азияда агартуучулук жана кайрымдуулук уюмдары менен сүңгүп киришкен активдүү иш-чаралар Гүлендин көтөрүлүшүнөн соң басаңдап калган. Акыркы мезгилдерде ушул идеялар менен жүргөн Орхан Инандынын белгисиз себептерден жоголушу бир топ дуу болду.  Түркиянын президенти  Реджеп Эрдоган биринчи жолу Гүлен боюнча маселени 2016-жылы ал кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда көтөргөн. Бирок күтүлбөгөн жерден каршылыктарды көргөн соң, Эрдогандын Кыргызстанга болгон мамилеси сууп, бизге кол шилтеп койгон. Атамбаев Эрдогандын гүленчилердин иш-аракетин токтотуу  тууралуу айткандарына кулак салбай, Түркиянын бийлигине алардын жетекчилерин өткөзүп бербей биздин ички иштерге кийлигишпөөсүн суранып макул эместигин билдирген. Атамбаевдин мындай  реакциясы Эрдогандын жинине тийип эки мамлекеттин ортосундагы мамиле муздай түшкөн.

 Андан кийинки президент Сооронбай Жээнбеков Эрдоган менен эки ирет «гүлен боюнча» маселени  талкуулашкан, бирок ал кесе каршы болбосо да Кыргызстан бул адамдарды билет, алардын иштери көзөмөлдөө деген сыпаа жоопторун берген.

«Алар бийликке, Армияга, полицияга жана башка мамлекеттик чөйрөгө кирип алышып, төңкөрүш жасоого аракет кылышат» -деп Эрдоган бийлик алмашып кетерин алдын-ала билгендей айтыптыр. Гүленчилер тууралуу маселе Кыргызстан үчүн өтө актуалдуу эмес эле.

Азыркы кеп бизди колдоп турган Эрдорган менен иш жемиштүү аяктаса экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости