www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта журналисттерге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков айтып берди.
Маалыматтарга караганда, жалпысынан 10 документке кол коюлары күтүлүүдө. Эки өлкө президенттери кеңейтилген жана чакан форматта жолугушат. Жээнбеков менен Бердымухамедов эки тараптуу кызматташтык жана мамилелерди андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанда өтө турган сапары 23-24-августка белгиленүүдө.
Акыркы жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга 2014-жылы барган, ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга туура үч жыл мурда, 2015-жылдын август айында келип кеткен.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2010-2017-жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 73% арбыган. Экспорт 69,4%, импорт 4,5% көбөйгөн.
Булак: "centralasian.org"