www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын бекемдейт. Бул тууралуу КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков венгриялык кесиптеши Петер Сийярто менен Будапешт шаарындагы жолугушуу учурунда айтты.

"Жолугушууда өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу жана кызматташтыкты кеңейтүү максатында Кыргызстан президентинин Венгрияга иш сапары тууралуу сөз болду", — деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Министрдин айтымында, тараптар Жээнбековдун иш сапары учурунда карала турган документтер боюнча талкуу жүргүзүштү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын бекемдейт

"Кыргызстан Венгрияны эл аралык аренада туруктуу жана маанилүү өнөктөш деп эсептейт. Кыргызстанда Венгриянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана коронавируска каршы күрөшүүдө гуманитардык жардам берүүнүн алкагында Бишкек шаарына келип кетишиңиз биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин ачык-айкындыгынан кабар берет", — деди Айдарбеков Сийярто менен сүйлөшүп жатып.

Министр ошондой эле Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь жана Будапешттеги Түрк кеңешинин аткаруучу директору Янош Ховари менен жолугушту. Венгер тарапка Бишкек жана Будапешт мэрияларынын ортосундагы кызматташуу боюнча сунуш берилди.

Мындан тышкары, Айдарбеков Будапештте Чыңгыз Айтматов атындагы сквер ачуу пландалып жаткан жерди көрүп, андан соң Gedeon Richter, Zeolit Hungary жана Wizz Air компанияларына барды. Министр фармакология тармагындагы иш алып барган Gedeon Richter ишканасынын келечектеги иш пландары менен таанышып, кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Ал эми уран калдыктарын сактоочу жерлерди калыбына келтирүү менен алектенген Zeolit Hungary компаниясынын директору менен келечекте Кыргызстанда дагы иштөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылды.

Wizz Air компаниясы менен Бишкек — Будапешт түз аба каттамдарын ачуу тууралуу сөз болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости