www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” партиясынын биринчи 10 талапкеринин тизмеси

24-август күнү “Кыргызстан” саясый партиясы өзүнүн тизмесин жана башка документтерин белгиленген убакыттан (18:00) кеч алып келген жана партиянын БШКда катталган атайын өкүлү эмес, анын тааныштары тапшырган.  Муну байкаган коомчулук жана башка партия өкүлдөрү чуу көтөрүшкөн.

25-август күнү БШК коомчулуктун талабынан кийин “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин каттабай, артка кайтарып берүү чечимин кабыл алган.

26-августта “Кыргызстан” саясый партиясы БШКнын чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

27-августта Бишкектин Административдик соту “Кыргызстан” саясый партиясынын дооматын туура деп таап, БШКнын 25-августтагы чечимин жокко чыгарган.

28-августта БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин кайрадан кабыл албай койду жана Бишкектин Административдик сотунун 27-августтагы чечиминин үстүнөн аппеляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды.

Мыйзам боюнча Жогорку соттун чечими чыкмайынча БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмесин кабыл албай турууга укугу бар.

Ал эми 24-августта, БШКга депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин тапшырууга кечигип калган “Кыргызстан” партиясынын биринчи 10 талапкеринин тизмеси:

1. Канат Исаев

2. Талант Мамытов

3. Нурбек Алимбеков

4. Наталья Кулматова

5. Азиз Турсунбаев

6. Руслан Чойбеков

7. Дастан Жумабеков

8. Чолпон Султанбекова

9. Шаршенбек Абдыкеримов

10. Данияр Төлөнөв.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости