www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-ноябрда «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышты.
Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Сулайман Закиров алардын кайрылуусу 15-ноябрда өткөн Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин биринчи жыйынында айтылган сынга байланыштуу экенин билдирди. Анын айтымында, жыйында Профсоюздар федерациясындагы абал тууралуу сөз кылган Самтырова бир жактуу маалымат берген.
«Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов коррупцияга аралашкан профсоюз кызматкерлеринин жана аларды колдогон жактардын бутасына айланган. Себеби ал профсоюздарды жаңылоо процессин баштаган. Асанакунов профсоюздардын мүлктөрүн талап-тоноого бөгөт коюуга аракет кылып келет. Буга байланыштуу коррупциялык схемаларды түзгөн профсоюз лидерлери аны каралап жатышат», - деди Закиров.
Ал белгилегендей, өткөн жылы февраль айында Профсоюздар федерациясын мурдагы жетекчилери менен алардын тарапташтары жана федерациянын учурдагы төрагасы менен кызматкерлеринин ортосунда талаш-тартыш жаралган.
«Учурда 2020-жылы 5-февралда болгон окуя боюнча Башкы прокуратуранын көзөмөлү астында тергөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык сотунун чечими менен Мирбек Асанакунов ыйгарым укуктарын аткарып жатат», - деди Закиров.
Булак: NazarNews.kg