www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИЧке кабылган балдардын жөлөк пулу эки эсеге көбөйөт

1-январдан тарта Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен ВИЧке кабылган балдардын жөлөк пулу эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси, "ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкө аралык тармагы" коомдук фондунун директору Бактыгүл Исраилова билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столго катышты.

"Буга чейин 18 жашка чейинки балдар жөлөк пул катары төрт миң сом алып келсе, президенттин жарлыгы менен 1-октябрдан тарта ВИЧке кабылган балдар алты миңден алып жатат. Ал эми 1-январдан баштап 8 миң сомдон бериле баштайт", — деди Исраилова.

Ал ошондой эле Кыргызстанда ВИЧке кабылган 562 бала бар экенин жана алардын 526сы атайын терапияда экенин белгиледи.

"Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиевдин айтымында, 400дөй бала ВИЧти медициналык жайлардан жуктурган.

Тегерек столдун катышуучулары 2022-жылдын март айынан тарта "Кыргызстандагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирерин эскертишти. Март айынан тарта мамлекеттик ооруканалардан илдет жуктургандарга бир жолу төлөнчү компенсация берилет (100 000 сом).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости