www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров жерди мыйзамсыз басып алгандарга кайрылды

Садыр Жапаров жерди мыйзамсыз басып алгандарга кайрылды

Журналист: АЙНА УЛУГБЕКОВА
18.11.2021, 20:37
4152
|

Президент Садыр Жапаров бир кезде жерди мыйзамсыз басып алып, азыр мамлекеттен алардын маселесин митинг аркылуу чечүүнү талап кылып жаткандар эч нерсеге жетишпей турганын билдирди.

Бул тууралуу ал Президенттик администрациянын жанындагы Жер-Ынтымак конушунун тургундарынын митингинде билдирди.

«Баарына айтып коеюн, бир кезде жерди мыйзамсыз басып алып, азыр мамлекеттен өз маселесин митинг аркылуу чечүүнү талап кылып жаткандар муну менен эч нерсеге жетишпейт. Митингдер кырдаалды турукташтырууга же жакшыртууга жардам бербейт – муну баары түшүнүшү керек. Мындан ары жерлерди өз билемдик менен басып алган мурдагыдай башаламандык болбойт. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Биз мыйзамдуулук жолу менен баратабыз жана мындан ары мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз», - деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями