www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков баштаган депутаттар тобу шайлоочулар менен иштөө жумалыгынын алкагында кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги абал менен таанышкандыгын Жогорку Кеңештин басма-кызматы билдирди.
Тагыраагы, эл өкүлдөрү Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Фракция лидери А.Баатырбеков, депутаттар С.Айдаров, Д.Төлөнов, КР Өкмөттүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев, партиянын негиздөөчүсү Ш.Абдыкеримов, саясий кеңештин мүчөсү Ч.Султанбековалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге жашоочулардын суроо-талаптарын угушту. Тургундар айылга караштуу “Бакай” жаңы конушунда фельдшердик пункт жок экендигин, бул калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Ошондой эле жаш жеткинчектерди спортко тарбиялоодо кедергисин тийгизип жаткан спорттук аянтча да өтө зарыл экенин айтышты.
Жыйынтыгында “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылын утурлай, партия атынан Ак-Сай айылына Фельдшердик-акушердик пункт жана заманбап футболдук аянтча курулмай болгондугун кабарлаган “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгы.
Баса, бай-көпөстөрдүн катарын толуктаган аталган фракция “дудук” партиялардын катарын толуктайт. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда “жарк” этип чыгып, кайра эле Атамбаев аталган саясый партиянын лидерин “жалп” этип өчүрүп койгон.
Эсиңерде да “Ооо-о” парламенттик шайлоо убагында шайлоочулары учурдагы аталган партиянын айрым депутаттарын 7 атчан кыргыз жигиттери алып чыгып, 7 кадам программасы менен ураан чакырып айтып берген эле. Ошол 7 кадам программаңар эмне болду? – деп бир сурап коюш керек экен...
Булак: NazarNews.kg