www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардагы кыргызстандыктар жана алардын кичинекей балдары тууралуу маселе дайыма өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өкмөт башчынын буйругу менен Сириядагы кыргызстандыктарды кайтарып келүү боюнча иштөөчү мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ Сириянын лагерлеринде жана түрмөлөрүндө калган кыргызстандык жарандарды иликтөө иштерин улантып жатат.

«Согуштук кырдаал улам күчөп жаткан азыркы мезгилде аларды Сириядан кайтарып келүү аракеттерин көрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ушундан улам, Кыргызстандын тиешелүү органдары бул багытта башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен чогуу бул багытта аракеттенүүдө», деп жазылган маалыматта.

Эске салса кетсек, 137 ата-эне кыргыз өкмөтүнөн кыздары менен неберелерин тезирек алып келүүнү өтүнүшкөн. Алардын айтымына караганда, Сириядагы кыргыз жарандары учурда балдары менен бирге Альхол лагеринде турушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости