www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан жарандарынын алгачкы тобун учак менен алып келмей болуп жатат. Бул тууралуу 10-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып юстиция министринин орун басары Марат Канулкулов билдирди.
Депутат Эрмамат Тагаевдин "Угушума караганда, жакында учак барып алып келет деген сөз бар. Ушул чынбы?" деген суроосуна ал төмөнкүчө жооп берди:
"Чын. Ооба. Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барат. Алып келишет"
Канулкуловдун айтымында, өкмөттүн жаңы кабыл алынган буйругунун негизинде жаза чарасы каржылык санкция түрүндөгү кыргызстандыктарга жардам берүүгө жол ачылууда. Себеби "өкмөт алардын айыппулун төлөө милдетин өзүнө алууда, андан кийин алар кайтарылат”.
Министрдин орун басары белгилегендей, Сирия жана Ирак менен Кыргызстандын ортосунда эркинен ажыратылган жарандарды өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу жок, андыктан мындай жазасын мекенинде өтөө үчүн шарт түзүү азырынча мүмкүн эмес.
Булак: NazarNews.kg