www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин даңазасы, 2020-жылдын аягында чыккан. Коронавирус илдети 2020-жыл бою көпчүлүктүн жүрөгүнүн үшүн алып, ансыз деле жакырчылыктын чегинде турган учурда, бул илдеттен улам эл гуманитардык жардамга муктаж болуп калган. Кыргыз элинин учу кур эмес экен. Калайык-калкты ойлошкон Райымбек Матраимов сыяктуу жигиттер элдин камын көрүшүп: ун жана башка азык-түлүктөрдү таратышып, бул дартка чалдыккандар дарыланып алыш үчүн ар кандай жерге стационардык дарыланып ала турган жайларда дары-дармектерди өз эсептеринен алышып, элдин батасына татыктуу болушкан. Ушундай оор кырдаалдарга карабай Атамбаевдин дүңгүрөгөн той өткөргөндүгү элдин бетине түкүрүп, шылдың кылганындай эле болгон. Бул тууралуу ошол кезде Улуттук Коопсуздук органдарын жетектеген Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирген. Ташиев "өлкө жана жарандар үчүн оор мезгилде Жалил Атамбаев миң киши чакырып, УКМКда иштеген баласынын тоюн өткөргөнүн" сындап чыккан. "Атамбаев элдин бетине түкүргөндөй эле болду. Ушунчалык бай болсо муктаждарга кол сунуп, акчасын таратпайбы", — деген Ташиев. Ал кошумчалагандай, ишкердин атайын кызматта иштеген уулуна катаал чечим чыгарылган. Эми ал атасынын айынан бир канча убакыт жумушу боюнча жогорулай албайт.

2020-жылдын 12-декабрында социалдык тармакта Атамбаев миң кишиге той өткөрүп, Ош шаарынын мурунку жана азыркы мэри, Жогорку Кеңештин депутаттары жүргөн сүрөттөмөлөр тараган. Үлпөт той боюнча УКМК териштире баштаган. Атамбаевдин УКМКда иштеген уулуна карата кызматтык иликтөө башталып, жыйынтыгы менен жумуштан бошотууга чейинки жаза берилери айтылган.

Атамбаевдин үстүнөн болгон тергөөнүн жүрүшүндө ал 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган. Мыйзамсыз байыды деп кармалган ишкер Атамбаев майрам алдында УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атамбаев ички иштер органдарында иштеп жатканда мыйзамсыз байыган деп жана башка бир катар кылмыш иштерине айыпталып, 3-мартта кармалган эле. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган. "4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыяндын бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Бүгүнкү күндө зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салды. Калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.

Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту майрам алдында Атамбаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости