www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасынын Чашмагилдан ашуусунда болгон атышууда кыргызстандык чек арачыны Тажикстандын аскерлери кармап кеткен. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

"Өлкөнүн Баткен аймагы боюнча чек ара өкүлү, полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү атышуу болгон жерге барып аталган фактыны териштирип жатышат.

Эске салсак, кечээ, 8-июлда, саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости