www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 4-июнда Тажикстандын элчисине нота тапшырды. Бул кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы — Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек арадагы тактала элек аймакка Тажикстан аскер кызматкерлерин киргизгени менен байланыштуу.
Эки тараптын келишими бар болгонуна карабастан Тажикстандын чек арачыларынын өкүлдөрү байланышка чыкпай жатканы да айтылды.
Кыргызстан тарап эки өлкөнүн чек ара аймагындагы жаңжалга жол бербөө үчүн Тажикстан тараптан Унжу-Булак аймагына орнотулган контейнерлерди бузуу, аскер кызматкерлери менен техникаларын чыгарып кетүүнү талап кылды.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турганын бүгүн, 4-июнда эртең менен Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин жүргүзгөн келишимдерин бузуп, 4-июнда саат 03:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган чек ара аймагында контейнерлерди орното баштаган», - деп айтылат расмий маалыматта.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан автомобилдер жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлери чогулуп жатканы байкалууда.
Булак: NazarNews.kg